Индонезиянын тургундары смартфондордо экинчи жубай издөөгө багытталган тиркеменин пайда болгонуна нааразы. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аны ойлоп тапкан Линду Пранаяма индонезияда көп аял алууга мыйзам жол бергендиктен бул кызмат аркылуу экинчи жубай болууну каалаган кыз-келиндер менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга боло тургандыгын билдирген.
Аталган өлкөдө экинчи ирет үйлөнө турган эркекке сөзсүз түрдө биринчи жубайынын макулдугу жана соттун расмий чечими керек. Ал эми тиркемени жогорудагы талаптарсыз эле колдонууга болгондуктан аны көчүргөндөрдүн саны 10 миңден ашып, эркектердин көбү мыйзамсыз түрдө жубай издей башташкан.
Мындан улам жергиликтүү тургундар аталган тиркеменин чыгышына нааразы болуп, аны тез арада жоюу керектигин айтып чыгышкан. Ал эми Пранаяма тиркемени толугу менен жойбостон, болгону катуу талаптарды кошууга сөз берген. Тагыраагы, колдонуучу бирөө менен таанышар алдында сөзсүз түрдө жогоруда аталган уруксат кагаздарын көрсөтүп, анан гана сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.