Бир көз караш менен тизелетип эмес, бир жылмаюу менен тургузуп койгон адам күчтүү (фото)

Бүгүн, 6-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк жылмаюу күнү. Борбор шаарыбыз Бишкектин жашоочулары үчүн кадимкидей эле күн. Калктын көбү мындай күндөн кабары жоктой. Дал ушул күнү техниканын өнүгүшү менен дээрлик баарыбыз колдонуп жүргөн "быйтыкча" пайда болгонун биле бербесек керек.

Жылмаюу - дүйнө жүзүндөгү адамдардын баары түшүнгөн тил. Чын жүрөктөн чыккан жылмаюудан өткөн керемет нерсе болбосо керек. Жөн гана бир жылмайып койгонуңуз айланадагыларга жылуулук тартуулайт.

Окумуштуулардын айтымында, жылмаюу адамдын ден соолугуна оң таасир этет. Эгерде сиздин маанайыңыз жок болсо, күзгүнүн алдына келип өзүңүздү карап жылмайсаңыз маанайыңыз дароо көтөрүлөт. Америкалык окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болгондой, статистикалык орто көрсөткүч боюнча 6 жашка чейинки балдар күнүнө 300 жолу жылмайса, чоң адамдар 17 гана жолу жылмайганы аныкталган. Демек, жаш өткөн сайын адам жылмайганды унута баштайт.

Кимдир бирөөнүн жылмаюусу сиздин да маанайыңызды көтөрөбү? Себеби жылмаюу - жугуштуу. Анда сүрөттөргө назар салып, сиз да жылмайып алыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Arlen92
2017-10-06 22:11:21
Бугун жума куну
+5
Adil706070
2017-10-06 22:41:41
Arlen92,Ар жума кунду мусулман адам кубануу,жылмайуу мечиттерде бири-бирин жума куну менен куттукташып ,жылуу учурашып,тазаланып кутот .
+13
anar07
2017-10-06 22:23:51
Жылмаю,,,,бугун жылмаю куну экенин билбепмин,ар куну жылмайып журууго не жетсин
+4
zavi95
2017-10-07 08:46:08
Кукуу Бактыяр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан