Ырчы Клара Алибекова боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Ички иштер министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.
"Ырчы Клара Алибекованын окуясы боюнча ИИМдин Ички коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзүүдө. Азырынча окуянын качан, кайда болгону белгисиз. Ал жерде канча милиция кызматкери болгону да такталууда. Негизи иликтөөнүн жыйынтыгы 10 күндүн ичинде чыгат. Бирок биз окуяны ыкчам иликтеп, тез аранын ичинде аныктаганга аракет кылабыз. Учурда Алибекова ИИМде көрсөтмө берүүдө", - деп билдиришти ИИМден.
Буга чейин интернетке "Клара Алибековага ким кол салды?" деген аталышындагы видео тараган. Видеодон ырчы Клара Алибекованын укук коргоо органдарына ага кол салуу болгондугун айтып берип жатканын көрүүгө болот. Бирок милиция кызматкерлеринин бири ырчыга "Крышаң кетип калган жок беле?" деген суроо узатып, анын айткандарына кайдыгер мамиле жасаган.
Окуя тууралуу ырчы SUPER.KG порталына ушул жылдын 27-сентябрь күнү кечинде дүкөндөн келе жаткан мезгилде ага мас абалдагы белгисиз адам кол салып, зордуктоого аракет жасаганын айтып берген. Ошондой эле ал жардам сурап милиция кызматкерлерине кайрылганда, шылдыңга алышып, түн ичинде жолдун боюна унаадан түртүп түшүрүп коюшканын айткан.