super.kg logo

Кайың ыйлап, тал ыйлап, калың кыргыз бүт ыйлап: Гүлбү Ороскул кызын замандаштары жоктоп жатышат

 

Кыргыздын белгилүү ырчысы, булбул үндүү, шайыр мүнөз Гүлбү Ороскул кызы кечээ, 6-октябрда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Элибизге таанымал болгон шайыр жеңенин бул жарык дүйнө менен кош айтышып кеткенине көпчүлүк ишене албай турат...

Ырчы тууралуу суук кабар жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга тарагандан бери көптөгөн акын, жазуучу, ырчылар жана ырчынын күйөрмандары Гүлбү Ороскул кызынын жаркын элесине арнап ырларды жазып, жоктоп жатышат. Көөдөнгө арман салган, жан кейиткен жоготуудагы жоктоолордун айрымдары төмөндө.

"Сен кеттиң калган калды,

Сезимде арман калды.

Кош жайың бейиш болсун,

Кош дебес аргам барбы", - деп жазат ак таңдай акын Жеңишбек Жумакадыр. Мындан сырткары көптөгөн колдонуучулар ырчынын шайыр, ак көңүл мүнөзүн, назиктигин эч бир адамдын көңүлүн оорутпаган жан болгонун белгилеп, кабыргалары кайышып тургандагы сезимдери менен бөлүшүүдө.

Курбусу Салтанат Кыдырмаева:

"Кечир, Гүлбү!...

“Элдин сүйүүсүнөн күйүп кетти” деген сөз бар эле ата-бабаларыбызда... Назик жаның көпчүлүктүн сүйүүсүн көтөрө албай күйүп кете бердиңби, Гүлбү...
“Ичине түшүп кетти” деген сөз бар эле элибизде. Өзгөгө толук айтпас, өзүңдөн төгүп чыгарбас бир бугуң бар эле, өзөгүңө түшүп кетип өмүрүңдү өчүрүп кеттиби ал бук, Гүлбү...
“Жүрөк каалаган, көкүрөгүм самаган жан азык темада шашпай сүйлөшүүнү сагындым, курбум, бирок иш көп...” дечү элең дайым. Жүзүңдөн да сулуу, көзүңдөн да нурлуу жан дүйнөң Жараткандан азык издеп кете бердиби, Гүлбү...
Сенин бу жарык өмүрдөн кеткениңе ишене албай, “эмне үчүн”, эмнеден улам”, “эмне кылса болот эле” деген түркүн суроолорду алдыма таштайм да, айланып келип эле бир жарым жыл мурдагы айтканың мээме кадалып, сенин өлүмүңө ошол “маселе” гана себепкердей телмирем...
“А, балким, ошондо...”, “А мүмкүн ошондо...” деп кайрып алчудай кайгырып, өкүнсөм келбес өткөн күнгө серпилем", - деп жазган.

Жаш акын Бердибек Жамгырчиев:

"Саргаят тура заматта,

Кулпурган жашыл кез деле.

Санаадан көз жаш тамат да,

Гүл соолуп калыш тез эле.

Күн сүйгөн гүлдүн ак бетин,

Ороду эми ак кепин..."

Төкмө акын Азамат Болгонбаев:

"Элмирбек боздоп ырдаган булбул Сиз элеңиз!!!
Өкүл апа Сизди бизди таштап кетет деп ким ойлоптур, арман... Күн нурундай жаркылдаган жан элеңиз го", - деп жазат акын.

Ыманкулова Гүлбү Ороскуловна 1976-жылдын 1-ноябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн.

1991-жылы Авлетим орто мектебинен 8-классты аяктап, Бишкек шаарындагы Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайына келип тапшырып, 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1996-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, 2000-жылы ийгиликтүү аяктаган. Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы, 2 кыздын энеси, 1 неберенин таенеси.

2000-жылдан бери маданият чөйрөсүндө Гүлбү Ороскул кызы деген ысым менен кызмат кылып келген. Фольклор жана эстрада ырчысы, ошондой эле кыргыздын белгилүү ырчы айымдарынан түзүлгөн «Достор» тобунун солисти. 2015-жылдан бери КТРКнын «Кыз-жигит сармерден» теледолбоорунун алып баруучусу болуп эмгектенген.

Сыйлыктары:

2016-ж. КРнын Президентинин Ардак грамотасы;

2008-ж. «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси;

2014-ж. КРнын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы;

2016-ж. Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын диплому;

2014-ж. «Токтогул - 150» коомдук фондунун диплому;

2014-ж. «Токтогул - 150» коомдук фондунун төш белгиси;

2012-ж. Кыргыз өлкөсүнүн Аялдар Конгрессинин Ардак грамотасы;

2016-ж. Кытай Эл Республикасынын Жуӊго Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун «Манас» изилдөө борборунун Ардак күбөлүгү4

Ырчы Гүлбү Ороскул кызынын сөөгү эртең, 8-октябрда жерге берилет. Коштошуу зыйнаты эртең мененки саат 10:00дө Бишкектеги Беш-Күнгөй айылында өтөт.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(17)
07.10.2017. 15:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
07-03-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 20:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кадамжай
+6
Бейишин берсин.
07.10.2017. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
15-05-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 14:56
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мен да кечээтен бери жоктоп ыйлап журом,ишене албайм дагы деле,жаратканыма керек болуп алып кетти айла канча,жакындарына сабыр тилейм,жайыныз жаннаттан болсун.
07.10.2017. 15:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
27-06-2017
Соӊку аракети:
02-01-2018 02:06
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аааииий жайы жаннатта болсун. Эмне болду экен эле байкуш оорудубу.
07.10.2017. 15:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
02-12-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 18:19
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эки кызына сабр берсин жаткан жериниз жайлуу болсун
07.10.2017. 15:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
09-06-2017
Соӊку аракети:
28-01-2018 17:08
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жайы жанаттан болсун. Мындай тогорогу то́п келишкен,адамдар аз эле кездешет. Омуру кыска экен,калган омурун кыздарына берсин. Уй булосуно конул айтам.
07.10.2017. 15:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
887
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
23-09-2018 19:43
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы бир жылдыз очту...Жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам(((
07.10.2017. 15:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
26-04-2017
Соӊку аракети:
27-08-2018 16:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайлары жаннатан болсун
07.10.2017. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
08-03-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 18:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
жайы жаннаттан болсун
07.10.2017. 16:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
08-03-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 18:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз элим дагы бир талантынан айрылды
07.10.2017. 16:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
12-03-2007
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Narin
+1
Kyrgyz eli bulbul unduu talanttuu kyzynan airyldy a9bai jagat bolchu yrdagany jatkan jeri jailuu bolsun
07.10.2017. 16:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-02-2017
Соӊку аракети:
14-08-2018 14:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы жаннаттан болсун
07.10.2017. 16:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 19:25
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмне куйуту болду экен эжекенин Салтанат эже ачык эле жазбапсыз. Аккуудай сулуу жан элениз го. Балбылдап жанган шам эленизго. Бир караш менен жылуулук чачкан.Жаркылдап аткан тан эленизго....аттин
08.10.2017. 01:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1752
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
24-09-2018 20:06
Жынысы:
Белгисиз
0
erkeleim,Куйутсуз адам болобу?? Байдын да ичте жетпей калганы бар бактылуу адамдын да арманы бар..эки кызды атасыз эч нерседен кем кылбай чонойтту..эх..арман дуйно ажайып Жан элен го..Куйутубу же элдин созубу козубу ким билет???дагы бир аккуудан айрылып кала бердик..
07.10.2017. 16:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
544
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 17:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйладым, арты кайрылуу болсун.. Баарыбыз тен барабыз.....
07.10.2017. 20:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
09-10-2013
Соӊку аракети:
29-12-2017 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
мусульмандар арасында...
+3
Таттыбубу Турсунбаевага окшоштуруп сулуулугуна аялзат болсом да суктанчу элем.Таттыбубу эжесиндей болуп бул жашоодон эрте кетти.Жаткан жери жайлуу болуп бейиштин торунон орун алсын.
07.10.2017. 20:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
171
Катталган:
10-11-2013
Соӊку аракети:
12-07-2018 04:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
киндик каным тамган жер
+4
коз тийдиби же соз тийдиби? аттин гулдой эжеке кетебердиго
08.10.2017. 09:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
04-02-2013
Соӊку аракети:
09-09-2018 16:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болду жайы жанатан болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114567;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: