Кочкор-Ата шаарында президенттикке аттанып жаткан эки талапкер микрофон талашты

Кечээ, 8-октябрда Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров менен Сооронбай Жээнбеков микрофон талашты. Бул боюнча видео интернетке тарады.

Мадумаров SUPER.KG порталына билдиргендей, жыйын өтүп жаткан жерге кечээ саат 15:00гө алар чогулуш өткөрүү боюнча макулдашкан. "Сооронбай Жээнбековдун жыйыны саат 12:00дө өтүшү керек болчу. Ал атайын саат 15:00гө жылдырып, жыйын өтө турган жерге автоунааларды толтуруп коюптур. Мен жыйындан чыгып кеттим. Биздин артыбыздан жыйналган элдин көпчүлүгү чыгып кетишти. Стадиондун алдындагы аянтчада аябай чоң элдин катышуусунда жыйын өткөрдүм", - деди Мадумаров.

Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева SUPER.KG'ге алардын жыйыны саат 15:00гө белгиленгенин билдирди. "Кечээ Жээнбековдун эки жолугушуусу бар болчу. Саат 11:00дө Майлуу-Суу шаарында, экинчиси Кочкор-Ата шаарында саат 15:00дө болду. Сооронбай Жээнбеков 1-2 жума мурун түзгөн графиктин негизинде иш алып барып жатат. Концерт башталганда Мадумаров тараптан эч ким келген эмес. Андан кийин талапкер сүйлөйүн дегенде келишти", - дейт Стамалиева.

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт жана үгүт иштери 1 күн калганда аяктайт.

Кочкор-Ата шаарында президенттикке аттанып жаткан эки талапкер микрофон талашышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (54)
elchi84
2017-10-09 13:16:45
Бизге мыкты суйлогон президент керек.Ар нерсени суйлоп баш ооруткандан коро.
+15
Ruslan4458
2017-10-09 13:35:25
Жээнбеков болбой эле ХХХХ болуп алганго жээнбековты шайлайын деп атат элем эми мадумаровду шайлаймвн
+19
admin_superstan
2017-10-09 14:21:54
Aktilek001, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
-9
admin_superstan
2017-10-09 14:46:20
aiba-889290, friendwipkg, keba300989, порталдын колдонуучуларын алдоону же чаташтырууну максат кылган билдирүү калтырууга тыюусалынган. Редакцияга тиешелүү сын-пикирлерди portal@super.kg дарегине жибериңиздер. Эскертүү!
-6
deva
2017-10-09 15:18:22
Менимче Мадумаров жолукчу убакытты, жерди Жээнбеков алып алган го дейм. Антпесе барып талашпайт эле да. Админресурсту пайдаланып жатат Жээнбеков каалашынча(
+13
bakulya2015
2017-10-09 15:30:39
deva,ооба Сооронбайга анчалык эл келбейт. Мажбурлап алып барып жатышатго. Баары эле билет. Келе турган убак Мадумаров экенда.
+12
bakulya2015
2017-10-09 15:20:55
Мадумаров мыкты инсан. Ал инсанга болгону Аллах менен элдин колдоосу керек.
+16
bakulya2015
2017-10-09 15:28:01
Уят уят Сооронбой Жээнбеков. Бала бакчаданда айырма жок. Тааныштырбай эле койсо болмок беш колдой тааныйбыз. Кандай иште иштебесин Атамбаевтин адамыда. Андан эмнени кутмок элек. Эгер шайлоо таза отсо Мадумаров Торобаев Бабанов отуш керек эгер шайлоо арам отсо ким отушу дайын. Жонокойлугун карагыла Адахандын жон гана турат. Карапайым элдей азаматсыз.
+9
bakulya2015
2017-10-09 15:29:59
Атайын уюшкандай эле а уят эле. Мадумаров оз убагында келиптирда. Ашыкчалары эмне келиптир.
+9
Rain000
2017-10-09 18:29:07
Чыгарат бекен дебатка экоону. Мадумаров Сокени эки соз мн тынчытышын билишет да.
+11
Iolik
2017-10-09 18:57:07
Мадумаров турган турпаты менен президент болууга ылайыктуу инсан, а Жээнбеков ал Атамбаевден айырмасы жок
+9
erjigit-e.15
2017-10-09 19:20:49
Мадумаров алга
+9
SHERBOLAT
2017-10-09 20:09:25
Муну дух десе болот. Алгаа Адахан
+5
Adilet_adi
2017-10-09 20:30:10
Биздин кайсы бир президент(СССРучурунда) оз атасынын уйун ондогон эмес экен. Озу ылай кылып сыртын озу шыбаган экен. Мен бийликтин адамы болсом зангыратып уй салсам эл эмне дейт деп айткан... МАДУМАРОВДО ошондой улуу инсандын суроойу бардай сезилет. Алга Мадумаров! Бизнесмендерди шайлабайлы туугандар алар элди ойлойбу же бизнесин?
+6
bakulya2015
2017-10-09 21:10:44
Эх Адахан акенин атайлап ушунтип жинине тийди булар эптеп бир созду таап ал созду кобойттуп камап шайлоону откорот. Булда болсо саясат экенда. Бирок Адахан байке озуну бир аз кармаш керек эле ачуу адамга душман дейт. Азыркы бийликтен баарын кутсо болот атайын уюштуратта булар.
+6
realbek89
2017-10-09 22:35:32
Адахан мырза эл сиз менен
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан