super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ростов-на-Дону облусундагы өрттөнгөн базарда кыргыздар соода кылышчу. Өрттөн товарлар күйүп кетти" дейт окурман

 

WhatsApp аркылуу байланышкан окурман "Орусиянын Ростов-на-Дону облусунда дем алыш күнү Темерник базары өрттөнүп кетти. Ал жерде соода кылгандардын көпчүлүгү Кыргыздар эле. Жабыркагандар жок, бирок товарлардын баары өрттөнүп кетти", - деп билдирди.

Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, базардын 6 миң чарчы метр аянты күйгөн. Өрт эки кабаттуу соода күркөсүнөн жана башка дагы эки жерден чыккан. Шамалдан улам жанаша турган соода күркөлөрүнө өткөн. Базардын жетекчилиги товарлар камсыздандырылбаганын, жеке ишкерлерге таандык экенин билдирген. Алдын ала эсеп боюнча өрттөн 200 миллион рубль зыян келтирилген.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.10.2017. 10:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
536
Катталган:
20-01-2013
Соӊку аракети:
20-11-2018 14:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаандаштары атайын эле орттоп салыштыда..
10.10.2017. 10:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
19-05-2017
Соӊку аракети:
17-12-2017 21:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Оптом базар эле, оптом күндөру миллиондоп соода кылышчу,атайын уютурлган да
10.10.2017. 14:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
15-09-2015
Соӊку аракети:
04-11-2018 23:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Женем да ошол базарда соода кылышчу, товарлары куйуп кетиптир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117936;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: