Ырчы Клара Алибекова акыйкатчы Кубат Оторбаев менен жолугушуп, милиция кызматкерлери тарабынан тартылган видео жана өзүнүн башынан өткөргөн окуя жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу 10-октябрда акыйкатчы институтунан кабарлашты.
"Факты боюнча акыйкатчы институту ИИМдин башчысына кат жолдоп, милиция кызматкерлеринин жасаган мамилесине моралдык-этикалык жана юридикалык жактан баа берүүнү, ошондой эле зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүүнү талап кылат", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, буга чейин интернетке "Клара Алибековага ким кол салды?" деген аталышындагы видео тараган. Видеодон ырчы Клара Алибекованын укук коргоо органдарына ага кол салуу болгондугун айтып берип жатканын көрүүгө болот. Бирок милиция кызматкерлеринин бири ырчыга "Крышаң кетип калган жок беле?" деген суроо узатып, анын айткандарына кайдыгер мамиле жасаган.
Окуя тууралуу ырчы SUPER.KG порталына ушул жылдын 27-сентябрь күнү кечинде дүкөндөн келе жаткан мезгилде ага мас абалдагы белгисиз адам кол салып, зордуктоого аракет жасаганын айтып берген. Ошондой эле ал жардам сурап милиция кызматкерлерине кайрылганда, шылдыңга алышып, түн ичинде жолдун боюна унаадан түртүп түшүрүп коюшканын айткан.