Жүздөрүнө пластикалык операция жасатышкан кытайлык кыздарды чек ара кызматындагы паспорт текшерүүчү бөлүм тааныбай, учакка түшүүгө тыюу салышкан. Бул тууралуу британиялык Daily Mirror басылмасы жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, алар Кытайдан Түштүк Кореяга жыл сайын күз айларында өтүүчү "Алтын жумалыкка" келишкен. Анда чет элдик жарандар үчүн кийим-кечеден тарта пластикалык операцияларга чейин өтө чоң арзандатуулар жүрөт. Кытайлык кыздар учурдан пайдаланып жүздөрүнө өзгөртүү киргизүүнү каалашкан.
"8 күндүк арзандатууда пластикалык операцияны колдонууга жетишкен кыздар, беттеги шишик бир канча жумадан кийин кетерин эске алышкан эмес. Андыктан жүздөрүн ороп, шишиген беттери менен кореялык аэропортко келишкен. Алар паспорттогу сүрөттөрүнө окшошпой калышкандыктан, чек арачылар тааныбай учакка түшүүгө тыюу салышкан", - деп жазылат маалыматта.
Эске сала кетсек, кореялык пластикалык операция жасоочу клиникалар кардарларына операция жасаткандыгын тастыктаган маалым кат жазып беришери буга чейин маалым болгон. Мындай зарылчылык дал ушул чек ара тилкесинде жаралган маселелерден улам келип чыккан.