Футбол боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндарынын алкагында футболчулар даярдык көрүүдө. Жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу Николай Южанин окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө 29 футболчу чакырган.
Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндары 31-октябрдан баштап 8-ноябрга чейин Бишкек шаарында орун алат. Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы өз талаасында "А" тайпасындагы Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Непал жана Оман курамаларын кабыл алат.
Окуу-машыгуу жыйынына чакырылган футболчулар:
Дарбазачылар:
Эржан Токотаев ("Дордой-2000"), Элдгар Сычев, Кылымбек Эсенбеков ("Абдыш-Ата-2"), Арстан Кудайбердиев ("Дордой").
Коргоочулар:
Дастан Карыпбеков, Темирболот Тапаев, Аманжан Жаныбек уулу, Амантур Шамурзаев, Бакыт Токтомажинов (бардыгы "Дордой-2"), Малик Айтбаев, Жакып Алиев, Камалидин Ташиев (бардыгы "Абдыш-Ата-2"), Бейбарс Абдрахманов ("Алга"), Адилет Каныбеков ("Бешикташ"), Максат Жакыбалиев ("Сиваспор", Түркия)
Жарым коргоочулар:
Ислам Межитов, Гүлжигит Бөрүбаев, Орозбек Тимур уулу, Арлен Шаршенбеков, Азирет Момошев (бардыгы "Дордой-2"), Адиль Кадыржанов ("Дордой-2000"), Жеңишбек Сыдыков (Кара-Балта), Султан Бакыт уулу, Али-Мордон Шукуров, Ислам Шамуза (бардыгы "Абдыш-Ата-2"), Гүлжигит Алыкулов, Эмир Шигайбаев ("Антальяспор", Түркия).
Чабуулчулар:
Эржан Нурбеков ("Абдыш-Ата-2"), Маматзия Жолдошев ("Дордой-2").