Болгариянын Пловдив шаарында 10-15-октябрь аралыгында өтө турган күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Адахамжан Балтабаев килем үстүнө чыгып алдынкы орундарды ээлегенге аракет жасайт.
Бүгүн, 11-октябрда грек-рим күрөшү боюнча "D" категориясындагы ардагерлер арасында беттештер орун алат. Кыргыз өлкөсүнөн аталган мелдешке катыша турган балбандын салмагы 62 килограмм.
Кыргыз балбандын атаандашы:
Адахамжан Балтабаев - Алексей Чистаков (Орусия).