Бүгүн, 11-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу президент Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкерлердин бирин колдоп сүйлөдү деген активист Адил Турдукуловдун арызын канааттандырган жок.
Жумушчу топтун мүчөсү Бакытбек Самаков Турдукулов мамлекеттик кызматкерлер үгүт ишин жүргүзгөнгө болбойт деген беренеге таянып жатканын белгиледи. Самаковдун айтымында, президент мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбейт. Ошондой эле мамлекет башчы кол тийбестик макамына ээ экенин кошумчалады Самаков.
Эске салсак, Адил Турдукулов президент бир талапкерди колдоп жатканын айтып БШКга арыз берип, президенттик аппаратка же президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабына эскертүү берүүнү сунуштаган эле.