Москвада каза болгон Кыргыз жараны Кыргыз өлкөсүнө жиберилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына активист Улан Кошматов билдирди.
"Мекендешибиз Э.А. инсульт дартына кабылып, Москванын көчөлөрүнүн биринде жыгылып калган экен. Аны көчөдөн көргөндөр ооруканага жеткиришкен. Маркум бир жума жандандыруу бөлүмүндө жатты. Кийин дартынан улам каза болуп калды. Москвада иштегендер акча чогултуп, мекенибизге жибердик", - деп билдирди Кошматов.
Маалыматка ылайык, 1990-жылы туулган Э.А. Ош шаарынын тургуну. Ал каза болгонго чейин унаа жуучу жайда иштеп жүргөн. Үй-бүлөсүндө жалгыз уул болгон.