Бабанов шайлоо процесси боюнча маалымат жыйын өткөргөнү жатат

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов азыркы тапта журналисттерге маалымат жыйын өткөргөнү жатат. Маалымат жыйын башталар алдында Бишкек шаарындагы, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы шайлоо тилкелеринен тартылды делинген бир катар видеотасмалар көрсөтүлүп, анда эреже бузуулар болгону айтылды.

Бабановдун штабынын өкүлү Мирсулжан Намазалиев шайлоо тилкелеринде шайлоо процессин видеого тартууга тыюу салуу аракеттери болгонун айтып, "мыйзамга ылайык, добуш берүү процессин фото, видео аркылуу чагылдырууга болот. Болгону бюллетенди жана анда кимге добуш берилгенин сүрөткө же видеого тартууга болбойт. Бирок ал эрежелер сакталса да шайлоонун жүрүшүн видеого тарттырбай жатканын көрүүгө болот", - деп билдирди.

Мындан тышкары шайлоодо урналардын жанына бирөөлөр туруп алып кетпей жатканы, шайлоочулардан кимге добуш бергенин көрсөтүүнү талап кылып жатканын кошумчалады Намазалиев.

Өлкөдө бүгүн, 15-октябрда президенттик шайлоо өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
miss2014
2017-10-15 13:35:49
Откорсун айтсын ,жанагы эки тилдеги бюллитен жонундо да айтсын,буга чейин маалым болгон эмес да.
+7
Kattaldym
2017-10-15 13:39:24
фото, видер...
+1
laboom
2017-10-15 13:51:44
Otup ketiniz oomin
+3
Asel82osh
2017-10-15 14:33:05
Президент Бабанов болсо экен ылайым
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан