реклама
super.kg logo

Бабанов президенттик шайлоо таза өтпөй жатканын айтып чыкты

 

Бишкекте бүгүн, 15-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов маалымат жыйын өткөрүүдө. Талапкер президенттик жарыш таза өтпөй жатат деген пикирде.

"Акыркы 3 күндө биздин айрым координатор, штаб башчыларыбызды УКМК кандайдыр бир себептер менен чакырып, суракка алып жатышат. Дагы бири кечээтен бери Кадамжай РИИБинде. Ал шайлоону көзөмөлдөш керек эле. Араванда биздин байкоочуларды киргизбей жатышат. Кара-Сууда шайлоо толугу менен мыйзам бузуу менен өтүп жатат. Бишкекте Бабанов эмес, бийликтин талапкери акча таратып жатат. Таза шайлоо тууралуу айтышууда. Бирок бизде таза шайлоо болгон жок деп айтам. Мен президенттикке талапкерлигимди коюуда командам менен эле эмес, президент Алмазбек Атамбаев менен да кеңешкем. Анда ал мени колдогон, шайлоо таза өтөт деп сөз берген. Акыркы аптада президент тараптан мен тууралуу туура эмес маалыматтар айтылып жатат. Президенттин бүгүнкү сөздөрү мени абдан капалантты", - деди Бабанов.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев бүгүн шайлоо тилкесинде добуш бергенден кийин журналисттер менен жолугушкан. Анда Бабанов тууралуу бир топ катуу сындарды айткан.



Өмүрбек Бабановдун шайлоонун жүрүшү тууралуу өткөргөн маалымат жыйыны

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(16)
15.10.2017. 14:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
281
Катталган:
29-10-2011
Соӊку аракети:
21-03-2020 01:35
Жынысы:
Белгисиз
+23
Сен билбейсинби ал ХХХХ сени эле эмес назарбаевди да капа кылган ал
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-15 14:23:26
15.10.2017. 14:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
426
Катталган:
11-09-2010
Соӊку аракети:
01-08-2019 18:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Белгисиз Арал
+9
Кайым айтыштынар го эконор эки жерге туруп алып. Беттешкиле да..
15.10.2017. 14:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
30-04-2018 07:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+16
Таза өтпөшунө эми көзуң жеттиби? Мен эч элек үмүттүмдү үзүп койгонмун таза шайлоодон. Бир гана кудайдан суранам Адахан Мадумаров болуп калсын деп. Сооронбай болуп калса олдук 6 жыл " чык эшикке" дей берип баарыбызды кууп салбаса болду Кыргызстандан.
15.10.2017. 14:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
04-02-2014
Соӊку аракети:
17-02-2020 11:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
Качан таза шайлоо отчу эле?
15.10.2017. 14:25 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1110
Катталган:
01-01-2017
Соӊку аракети:
11-06-2018 16:43
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эгерде Мадумаров женип чыкса ошондо таза шайлоо болгон болот.Башкасы женсе ал таза шайлоо эмес!!!
15.10.2017. 14:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
206
Катталган:
18-03-2013
Соӊку аракети:
04-04-2020 21:52
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайдагы таза шайлоо урналар иштебей калды деп башкасына алмаштырып жатышат. Нары жагына алып барып блютендерди оздору каалагандай алмаштырып жатышат да
15.10.2017. 14:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
31-05-2018 17:40
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактасын кокусунан ыплас жол менен Соке женип кетсе анда Аташка дагын алты жыл башкарат деп кое бергиле.Ошону учун кечки саат сегизден кийин ьаарыбыз ХХХХ шайлоонун жыйынтыгын бурмалабашын талап этейлик.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-15 14:50:36
15.10.2017. 14:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
24-10-2015
Соӊку аракети:
17-12-2017 16:45
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бабановту колдойлу элдер окунбойбуз
15.10.2017. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
29-03-2016
Соӊку аракети:
05-04-2020 10:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+2
Качан таза шайлоо өтчү эле өзү?
15.10.2017. 15:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
231
Катталган:
02-04-2016
Соӊку аракети:
31-01-2020 23:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+1
Мен шайлоого барбайм мыйзам бузулуп жатат, бирок чындык жок.
15.10.2017. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
12-08-2013
Соӊку аракети:
30-03-2020 21:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевге жаман жаным кашайып турат.Кыргыз элим козубузду ачып,ойгонолу! Бабанов мага эч ким эмес,штабында да иштебейм бирок балдарымдын келечеги учун Бабановго добуш берем.Ойгон элим!!! ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-15 17:13:48
15.10.2017. 17:20 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
30-03-2020 00:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
netsa, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
17.10.2017. 10:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
13-09-2017
Соӊку аракети:
13-06-2018 23:38
Жынысы:
Белгисиз
0
netsa,Балдарыңдын келечеги үчүн ХХХХ добуш бердиңби? Кантип ишенесиңер ушул ХХХХ. ...
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-17 11:00:42
17.10.2017. 11:03 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
30-03-2020 00:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Baybol07, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
15.10.2017. 17:22 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
30-03-2020 00:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Brilant-zhylan, kalpak.kg92, этика нормаларын сактаңыздар. 2 күндөн БАН!
15.10.2017. 22:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
05-11-2016
Соӊку аракети:
03-03-2018 22:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул таза шайлоо эмес, бизге озгору керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140601;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: