Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыктары боюнча, Сооронбай Жээнбеков алдыда келе жатат.
БШКнын маалыматы боюнча, алдынкы бештикте төмөнкү талапкерлер жайгашты.
Сооронбай Жээнбеков — 901 миң 575 добуш (54,73 пайыз);
Өмүрбек Бабанов — 557 миң 227 добуш (33,83 пайыз);
Адахан Мадумаров — 106 миң 422 добуш (6,46 пайыз);
Темир Сариев — 42 миң 313 (2,56 пайыз);
Таалатбек Масадыков — 10 миң 305 добуш (0,62 пайыз).