super.kg logo

ТЕСТ: Дүйнөдөгү борбор шаарларды билесизби?

 

Борбор шаарлар тууралуу оюн ойнодуңуз беле? Көпчүлүгү ооба деп жооп берери ыктымал. "Мен дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин борбор калаасын билем" дегендер да жок эмес.

Борбор шаарлар тууралуу кызыктуу фактыларды да окусаңыз керек. Мисалы, Швейцариянын расмий борбор шаары жок, Берн болсо федералдык маанидеги шаар. Ал эми Танзаниянын эки борбору бар. Дар-эс-Салам административдик борбор болсо, Додома мыйзамдуу борбор калаа.

Тест география, тарых сабактарын эстегенге түрткү болот. Билимиңизди текшерип көрүңүз.



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Түркиянын борборун атаңыз...

Түркиянын борбор шаарын алмаштыргандар көп. Буга мурун Стамбул борбор шаар болгону себеп экенин айтсак болот. 1923-жылы Түркиянын президенти Кемал Ататүрк саясий жана стратегиялык планы менен борбор шаарды Стамбулдан Анкарага көчүргөн. Ал мезгилде Анкарада 60 миңдей адам жашаган. Азыркы тапта 5 миллиондон ашуун калк жашаган ири шаар болуп саналат.

Кийинки суроо


Стамбул
Анкара
Анталия

Кайсы мамлекеттин аталышы да, борбор калаасынын аты да окшош?

Мамлекеттин аталышы да, анын борбор шаарынын аты да окшош болгон өлкөлөр бар. Мексиканын борбору Мехико, Бразилиянын борбору Бразилиа болуп аталышынан бир тамгадан айырмаланышса, Сингапурдун борбору дал өзүндөй айтылат.

Кийинки суроо


Литва
Мексика
Сингапур

1949-1990-жылдары Германиянын борбору кайсы болгон?

Бонн шаары 1949-1990-жылдары Германия Федеративдүү Республикасынын борбору болгон. Германия демократиялык республикасы менен Батыш Берлин бириккенден кийин 1990-жылы Берлин өлкөнүн борбор шаары болуп калган. Азыркы тапта Бонн федералдык мекемелер бар ири шаарлардын бири болуп саналат.

Кийинки суроо


Берлин
Бонн
Гамбург

Кайсы борбор шаарда заманбап имараттар менен катар эле көчмөн эл боз үйлөрдө жашашат?

Монголиядагы заманбап имараттары бар шаарларында көчмөн эл жашайт деп айтууга болот. Жадакалса борбор шаары Улан-Батордун чет жагында боз үйдө жашагандар бар. Жумушка ат үстүндө бара жаткандарды да кездештирсе болот.

Кийинки суроо


Тибет
Бурятия
Улан-Батор

Кайсы "карлик мамлекеттин" борбор шаары жок?

Аянты, жашаган адамдарын санына карап айрым өлкөлөрдү "карлик мамлекеттер" деп айтып жүрүшөт. Науру Республикасынын борбор шаары жок. Аянты 21,3 чарчы километрди түзөт жана Тынч океанынын батыш тарабында жайгашкан. Калкынын саны 2011-жылы 10 084 адамды түзгөн.

Кийинки суроо


Кипр
Науру
Бахрейн

Дүйнөдөгү кайсы борбор шаарда жашагандардын саны 45 адамды түзөт?

Адамстаун (Adamstown) — Питкэрн аралдарында калк жашаган жалгыз аймак болуп саналат. Жон Адамдын атына коюлган. Жашоочуларынын саны 45 адамды түзөт. Ал дүйнөдөгү эң кичине борбор шаар деп саналат. Адамстаунда чиркөө, шаардык аянт бар. Башка мамлекеттерден алыс жайгашканы менен аралда компьютер, телекөрсөтүү, телефон аркылуу байланыш бар.

Кийинки суроо


Ватикан
Сан-Марино
Адамстаун

Чыгыш Азиядагы кайсы борбор калаанын аталышынын мааниси борбор деген сөздү түшүндүрөт?

Чыгыш Азиядагы бир катар борбор шаарлардын аталышын которгондо "борбор" деген сөздү кездештирүүгө болот. Кытай тилинен Пекин - "түндүк борбор", япон тилинен Токио - "чыгыш борбор" ал эми Сеул - жөн эле "борбор" деген сөздү түшүндүрөт. Казакстандын борбору Астана да "борбор" деп которулат.

Кийинки суроо


Сеул (Түштүк Корея)
Жакарта (Индонезия)
Улан-Батор (Монголия)

Ошко сапар алганда Европадагы өлкөнүн "борбор" калаасынан өтсө болот. Шаардын аталышы кандай?

Кийинки суроо


Париж
Берлин
Рим

Кыргыздар бөлмөнүн ичи жылуу болгонун кайсы борбор шаар менен салыштырышат?

Кийинки суроо


Дубай
Мисир
Ташкент

Гүлжигит Сатыбеков адамдардын бактысы, арманы, көз жашына айланган шаар деп кайсы борбор калаа тууралуу ырдайт?

Гүлжигит Сатыбековдун "Москва" аттуу ырынан саптар: Көчөлөрүн араласам, метродон адашпасам, жүргөн жерим бүгүн Москва. Бакыт издеп келе бергем, кош айтышып энем менен, көнүп калдым сага Москва. Ана Москва, мына Москва. Жаштык күндөр сенде калды кана Москва?

Кийинки суроо


Лондон
Бишкек
Москва

Калк эң көп отурукташкан борбор калааны атаңыз...

Жашаган адамдардын саны боюнча Пекин биринчи орунда турат. 2015-жылдагы көрсөткүч боюнча Пекинде 21 516 000, Дели шаарында 16 314 838, Токиодо 13 729 858 адам жашап жаткан.

Кийинки суроо


Дели (Индия)
Токио (Япония)
Пекин (Кытай)

Бир материкти ээлеген мамлекеттин борбор шаарын атаңыз...

Бир материкти ээлеген Австралиянын борбору Канберра шаары өлкөдөгү ири шаарлардын бири. Мельбурн менен Сидней борбор шаар деген макамды талашып жаткан маалда эки шаардын ортосундагы Канберрага бул макам берилген.

Кийинки суроо


Канберра
Оттава
Дублин

Кайсы борбор калаанын толук жазылышы эң узун деп саналат?

Бангкоктун толук аты-Крун Тхеп Маханакхон Амон Раттанакосин Махинтараюттхая Махадилок Пхоп Ноппарат Ратчатхани Буриром Удомратчанивет Махасатан Амон Пиман Аватан Сатит Саккатхаттийя Витсанукам Прасит. Которулушу "периштелер шаары, улуу шаар, түбөлүк кенч шаар, Индра Кудайынын кылмышсыз шаары, дүйнөнүн улуу борбор калаасы, кымбат баалуу таштар тартуу кылынган бактылуу шаар, Падыша сарайы кененчиликке толгон, Индра белек кылган, Вишвакарман курган, Кудай жашаган жерди элес калтырган шаар".

Кийинки суроо


Буэнос Айрес (Аргентина)
Куала-Лумпур (Малайзия)
Бангкок (Таиланд)

Марокконун борбору Рабат кыргыз тилине кантип которулат?

Кийинки суроо


Заңгыраган мунара
Таш дарбаза
Бекемделген чеп

Түндүк Кореянын борборун атаңыз...

Пхеньян — Корей Элдик Демократиялык Республиканын борбору. Өлкөнүн административдик, маданий жана тарыхый борбору болуп саналат. "Пхеньян" деген сөз "кенен жер", "жагымдуу аймак" деген мааниге ээ.

Кийинки суроо


Пусан
Пхеньян
Ханой

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(55)
18.10.2017. 22:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
19-04-2013
Соӊку аракети:
26-08-2018 16:36
Жынысы:
Белгисиз
+1
87, пекиндеги эл менен бангкокту билбейт экенмин
18.10.2017. 22:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
430
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
19-11-2018 19:22
Жынысы:
Белгисиз
0
74
18.10.2017. 22:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
147
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
08-10-2018 11:54
Жынысы:
Белгисиз
0
74 упай,4ката,бироосу кокустуктан басылып кетти.,кызыктуу тест боллу,рахмат Супер)
18.10.2017. 22:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
18-11-2017 15:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
80бал 12туура 3ката
18.10.2017. 22:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
29-08-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 15:11
Жынысы:
Белгисиз
0
67 упай
18.10.2017. 22:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
09-10-2015
Соӊку аракети:
23-07-2018 15:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
74
18.10.2017. 22:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
21-08-2013
Соӊку аракети:
13-12-2017 16:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
94 упай. Чынын айтсам Адамстаунду билбейт экем, бирок туура болду. 13-чу туура эмес болуп калды)))
Супер, коп-коптон чыгаргылачы ушундай викториналарды
18.10.2017. 23:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
14-02-2014
Соӊку аракети:
06-08-2018 14:23
Жынысы:
Белгисиз
0
80 балл 3 туура эмес жооп болду
18.10.2017. 23:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
592
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
05-11-2018 12:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
47 балл 7туура
18.10.2017. 23:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
31-08-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 20:22
Жынысы:
Белгисиз
-5
100%
18.10.2017. 23:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
17-11-2015
Соӊку аракети:
19-11-2018 17:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
74 упай 4 ката
18.10.2017. 23:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
17-07-2016
Соӊку аракети:
03-11-2018 04:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кучагы толгон ооматка, Кош келиниздер Ноокатка!
-5
100 балл
19.10.2017. 00:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
10-10-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 14:17
Жынысы:
Белгисиз
0
80. Ката жооп 3
19.10.2017. 00:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
16-03-2017
Соӊку аракети:
29-08-2018 22:02
Жынысы:
Белгисиз
0
67упац
19.10.2017. 00:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
08-05-2015
Соӊку аракети:
05-06-2018 11:42
Жынысы:
Белгисиз
0
74норма эле
19.10.2017. 04:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
28-01-2015
Соӊку аракети:
19-11-2018 04:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер инфо
0
67 упай
19.10.2017. 08:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
06-08-2016
Соӊку аракети:
24-12-2017 22:29
Жынысы:
Белгисиз
0
87 балл, 2 ката болду. 5-менен 13-жаңылдым Бангоктон )
19.10.2017. 08:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
11-01-2014
Соӊку аракети:
13-02-2018 11:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баллды админ сурап жатабы?
19.10.2017. 09:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
26-06-2017
Соӊку аракети:
18-11-2018 13:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Гульча
+1
X-peria,жардын го брат))))ичим ииииий куло берип ХХХХ деп калды
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-19 09:42:07
19.10.2017. 10:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
11-01-2014
Соӊку аракети:
13-02-2018 11:40
Жынысы:
Белгисиз
-1
Isco23,сен да канча алганынды айтып кой)))
19.10.2017. 08:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
16-01-2011
Соӊку аракети:
21-06-2018 08:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
-4
100
19.10.2017. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
10-10-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 15:26
Жынысы:
Белгисиз
0
54 (((((
19.10.2017. 09:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
23-04-2017
Соӊку аракети:
05-10-2018 15:54
Жынысы:
Белгисиз
0
67 чындап
19.10.2017. 10:03 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5993
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-11-2018 18:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Dan4ik88, nuris14kg, саламатсыздарбы! Сунушуңуздарга рахмат, эске алынды.
19.10.2017. 10:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
30-03-2011
Соӊку аракети:
19-11-2018 15:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Исфана
0
67 упай
19.10.2017. 11:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
342
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
19-11-2018 16:01
Жынысы:
Белгисиз
0
80
19.10.2017. 12:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
21-03-2018 15:37
Жынысы:
Белгисиз
0
80 упай
19.10.2017. 14:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
05-12-2014
Соӊку аракети:
03-11-2018 15:08
Жынысы:
Белгисиз
0
60
19.10.2017. 14:16 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
31-08-2017
Соӊку аракети:
06-11-2017 16:17
Жынысы:
Белгисиз
0
100%-15√-0х.география сабагына коп кызыгат элем.результат жакшы
20.10.2017. 05:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
10-07-2017
Соӊку аракети:
13-10-2018 18:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moscou
0
100 :)
28.10.2017. 22:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
05-10-2017
Соӊку аракети:
19-10-2018 00:27
Жынысы:
Белгисиз
0
47 балл 8 ката 7туура
Борбор шаарлар жонундо окуп койсонуз ашыкча болбойт.
Adilet87 түзөттү 2017-10-28 22:53:00
06.11.2017. 06:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
08-07-2013
Соӊку аракети:
16-07-2018 03:10
Жынысы:
Белгисиз
0
107 болду
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117864;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: