Талас шаарында Өмүрбек Бабановдун тарапташтары чогулуп митинг өткөрүүгө камынууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
13:25 "Учурда Талас шаарында Өмүрбек Бабановдун штабынын алдында 300дөй киши чогулуп турушат. Алар президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, митинг өткөрүүнү пландап жатышыптыр. Колдорунда көтөргөн лозунг, плакаттары жок. Митинг саат 14:00дө башталары айтылууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.
14:30 SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман жибергендей, саат 14:30га карата чогулган элдин саны 400дөн ашуун болгонун айткан. "Шаардын борборуна 400дөй адам топтолдук. Кара-Буура районунан да адамдар келе жатат. Биз шайлоонун жүрүшүнө жана анын жыйынтыгына нааразыбыз. Учурда шаарга Бабановду колдогондор колуна желек кармап чыгышкан", - деп жазат окурман.
15:30 Митингге чогулуп жаткандар "Чогулгула, таза шайлоо үчүн өз оюбузду билдиребиз!" деп кыйкырышууда. Алардын колдорунда Кыргыз өлкөсүнүн туусу бар.
15:45 Өмүрбек Бабановдун штабы: "Өмүрбек Токтогулович маалымат жыйыны учурунда Таласта элдердин чогулуп жатканы боюнча "Таласта элди мен чогултуп жаткан жокмун. Аны силер билесиңер да, мен эч кимди чогултуп, элди чыгарайын деген оюм жок" деп билдирди. Биздин расмий жообубуз ошол".
15:50 Талас шаарындагы митингде Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын саны кескин өсүп 1000ден ашты. Мындай маалыматты жергиликтүү тургундар билдирди. Чогулган элдин арасына коңшу айыл райондордон да элдер келип кошулушу күтүлүүдө. Кара-Буура районунан жана Көк-Сай айылынан атчандар тобу сапарга чыкканы айтылды.
15:59 Ички иштер министрлиги саат 16:00гө карата Талас шаарындагы абал милициянын көзөмөлүндө экенин билдирди. "Милиция президенттик шайлоого карата 12-октябрдан бери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Азыркы тапта Талас шаарындагы абал милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө", - деп билдиришти ИИМден.
16:00 Учурда митингге чыккандар борбордук аянтта турушат. Аларга өкмөттүн облустагы өкүлү Дайыр Кенекеев менен шаар мэри Айдар Жузупбеков сүйлөшүү үчүн чыкты.
16:02 Интернеттеги айрым социалдык тармактарда Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" посту Таластагы кырдаалга байланыштуу жабылганын жазышууда. Патрулдук милиция болсо эч кандай пост жабылбаганын билдирди.
16:07 "Таласта чогулган Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев жолугушту. Өкүл элди мыйзамды сактоого үндөөдө", - деп билдирди Талас шаарынын вице-мэри Чыңгыз Мураталиев.
16:10 Жергиликтүү тургундун айтымында, Талас шаарындагы базарлар, банктар жабылып жатат.
16:13 Таласта топтолгон элдин саны 3000ге жакындады. Мындай маалыматты Талас шаарынын тургуну билдирди. "Учурда Талас шаарынын мэри менен өкмөттүн облустагы өкүлү элдин суроолоруна жооп берип жатат. Бул жердеги митингдин башында атайын бир лидер жок, карапайым элдер. Бабановдун штабынан анын иниси Көпжашар Бабанов келип, элди провокацияга алдырбоого, тартип бузбоого чакырып, эгер кандайдыр бир окуя болсо штаб жоопкерчилик албай тургандыгын айтты", - дейт тургун.
16:16 Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков: "Президенттик шайлоодо административдик ресурс пайдаланылды деген тургундар шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык билдирип чогулушту. Тынч митинг өткөрүп жатышат. Бул алардын эрки. Коопсуздук чаралары каралган".
16:40 "Митинг тынч өтүүдө. Коомдук тартип бузулган жок. Эл Бишкекти көздөй баратат деген маалыматтар калп", - деди Мирлан аттуу митингдин катышуучусу.
16:50 Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров нааразычылык билдирип чогулгандар менен губернатордун сүйлөшүүсү тууралуу айтты. "Өкмөттүн облустагы өкүлү митингге чыккандар менен жолугушуп, шайлоо таза өткөнүн билдирди. Буга Өмүрбек Бабановдун облуста 86 пайыз добушка ээ болгону далил экенин белгиледи. Ошентсе да шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун арасында Бишкекке чейин барабыз дегендер бар. Абал азыр тынч", - деди ал.
16:55 Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушуп жумуш ордуларына кайтышты. Бийлик өкүлдөрү митингге чыккандарга: "Провокацияга алдырбагыла. Жеңилүүнүн да жоопкерчилигин тартуу керек", - деген пикир айтышты.
17:00 "Атчандар келип кошулду" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Өкмөттүн облустагы өкүлдөрү эл менен жолугушкандан кийин айрым тургундар тарап, элдин саны азайгансыды", - деди митингдин күбөсү.
17:04 Талас ОИИБинин басма сөз катчысы Динара Сарногоева: "Нааразычылык билдирип чогулгандар тарабынан мыйзам бузуу катталган жок. Азыр коомдук тартипти милиция көзөмөлдөп жатат. Митингчилер арасында таза шайлоо болбогонун айтып кыйкыргандар болду", - деди.
17:40 Талас шаарында облустук администрациянын алдында чогулуп турган Бабановдун тарапташтарынын басымдуу бөлүгү жаштар. Алардын арасында аялдар, орто муундагылар да бар экенин көрүүгө болот. Чогулган элдин арасында “Биз таластыкпыз, намыстуубуз” деп айтканын угууга болот. Митингге чыккандардын айрымдары "Бишкек шаарына барабыз" десе, айрымдары "кетпегиле" деп жатканын айтууда.
17:46 "Эл чогулуп турат. Абал тынч деди" өкмөттүн Таластагы өкүлү Дайыр Кенекеев SUPER.KG порталына.
18:23 “Биз шайлоонун жыйынтыгына нааразыбыз. Чогулгандар Сооронбай Жээнбековдун президент экендигин кабыл албайбыз. Чогулган эл эртең дагы митингди улантып 3 күн бою күн-түн дебей ушул жерден тарабайбыз деп жатышат. Биз татыктуу президент болсо деп талап кылып жатабыз. Учурда бизге кошулгандардын саны улам көбөйүп жатат. Кара-Буура тараптан атчан кишилер келе жатат. Биз бийликтин адилетсиздигине чыдай албайбыз”, - деп билдирди митингдин катышуучусу Каныш Төлөева.
19:10 Таластагы митингчилер тарай элек. Мындай маалыматты өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
19:58 “Таласта митингге чыккандар суукта ачка, тарабай турушат. Алар Алмазбек Атамбаев же Бабановдун келишин талап кылууда. Нааразы болгондор шайлоодогу кетирилген кемчиликтерди көрсөтөбүз деп жатышат. Азырынча эч ким кеткен жок. Жолдун четиндеги дүкөндөрдүн баары жабык турат. Негизи саат 10:00гө чейин соода кылышчу. Эртең менен Таластын башка айылдарынан да эл келмей болуп жатат. Өкмөттүн өкүлү Дайыр Кенекеев чыгып, "таза шайлоо болду" деп элдин кыжырына тийип сүйлөп кетти”, - деп билдирди митингдин катышуучусу Эркинбү Эшимбаева.
20:45 "Таласта митингге чыккандардын басымдуу бөлүгү тарап кетишти. Айрым жаштар турушат. Эртең митинг кайрадан уланат", - деп билдирди митингдин катышуучусу Каныш Төлөева.