super.kg logo

Таласта митингге чыккандар тарап кетишти. Митинг эртең кайра уланары айтылууда

 

Талас шаарында Өмүрбек Бабановдун тарапташтары чогулуп митинг өткөрүүгө камынууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

13:25 "Учурда Талас шаарында Өмүрбек Бабановдун штабынын алдында 300дөй киши чогулуп турушат. Алар президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, митинг өткөрүүнү пландап жатышыптыр. Колдорунда көтөргөн лозунг, плакаттары жок. Митинг саат 14:00дө башталары айтылууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

14:30 SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман жибергендей, саат 14:30га карата чогулган элдин саны 400дөн ашуун болгонун айткан. "Шаардын борборуна 400дөй адам топтолдук. Кара-Буура районунан да адамдар келе жатат. Биз шайлоонун жүрүшүнө жана анын жыйынтыгына нааразыбыз. Учурда шаарга Бабановду колдогондор колуна желек кармап чыгышкан", - деп жазат окурман.

15:30 Митингге чогулуп жаткандар "Чогулгула, таза шайлоо үчүн өз оюбузду билдиребиз!" деп кыйкырышууда. Алардын колдорунда Кыргыз өлкөсүнүн туусу бар.

15:45 Өмүрбек Бабановдун штабы: "Өмүрбек Токтогулович маалымат жыйыны учурунда Таласта элдердин чогулуп жатканы боюнча "Таласта элди мен чогултуп жаткан жокмун. Аны силер билесиңер да, мен эч кимди чогултуп, элди чыгарайын деген оюм жок" деп билдирди. Биздин расмий жообубуз ошол".

15:50 Талас шаарындагы митингде Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын саны кескин өсүп 1000ден ашты. Мындай маалыматты жергиликтүү тургундар билдирди. Чогулган элдин арасына коңшу айыл райондордон да элдер келип кошулушу күтүлүүдө. Кара-Буура районунан жана Көк-Сай айылынан атчандар тобу сапарга чыкканы айтылды.

15:59 Ички иштер министрлиги саат 16:00гө карата Талас шаарындагы абал милициянын көзөмөлүндө экенин билдирди. "Милиция президенттик шайлоого карата 12-октябрдан бери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Азыркы тапта Талас шаарындагы абал милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө", - деп билдиришти ИИМден.

16:00 Учурда митингге чыккандар борбордук аянтта турушат. Аларга өкмөттүн облустагы өкүлү Дайыр Кенекеев менен шаар мэри Айдар Жузупбеков сүйлөшүү үчүн чыкты.

16:02 Интернеттеги айрым социалдык тармактарда Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" посту Таластагы кырдаалга байланыштуу жабылганын жазышууда. Патрулдук милиция болсо эч кандай пост жабылбаганын билдирди.

16:07 "Таласта чогулган Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев жолугушту. Өкүл элди мыйзамды сактоого үндөөдө", - деп билдирди Талас шаарынын вице-мэри Чыңгыз Мураталиев.

16:10 Жергиликтүү тургундун айтымында, Талас шаарындагы базарлар, банктар жабылып жатат.

16:13 Таласта топтолгон элдин саны 3000ге жакындады. Мындай маалыматты Талас шаарынын тургуну билдирди. "Учурда Талас шаарынын мэри менен өкмөттүн облустагы өкүлү элдин суроолоруна жооп берип жатат. Бул жердеги митингдин башында атайын бир лидер жок, карапайым элдер. Бабановдун штабынан анын иниси Көпжашар Бабанов келип, элди провокацияга алдырбоого, тартип бузбоого чакырып, эгер кандайдыр бир окуя болсо штаб жоопкерчилик албай тургандыгын айтты", - дейт тургун.

16:16 Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков: "Президенттик шайлоодо административдик ресурс пайдаланылды деген тургундар шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык билдирип чогулушту. Тынч митинг өткөрүп жатышат. Бул алардын эрки. Коопсуздук чаралары каралган".

16:40 "Митинг тынч өтүүдө. Коомдук тартип бузулган жок. Эл Бишкекти көздөй баратат деген маалыматтар калп", - деди Мирлан аттуу митингдин катышуучусу.

16:50 Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров нааразычылык билдирип чогулгандар менен губернатордун сүйлөшүүсү тууралуу айтты. "Өкмөттүн облустагы өкүлү митингге чыккандар менен жолугушуп, шайлоо таза өткөнүн билдирди. Буга Өмүрбек Бабановдун облуста 86 пайыз добушка ээ болгону далил экенин белгиледи. Ошентсе да шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун арасында Бишкекке чейин барабыз дегендер бар. Абал азыр тынч", - деди ал.

16:55 Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушуп жумуш ордуларына кайтышты. Бийлик өкүлдөрү митингге чыккандарга: "Провокацияга алдырбагыла. Жеңилүүнүн да жоопкерчилигин тартуу керек", - деген пикир айтышты.

17:00 "Атчандар келип кошулду" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Өкмөттүн облустагы өкүлдөрү эл менен жолугушкандан кийин айрым тургундар тарап, элдин саны азайгансыды", - деди митингдин күбөсү.

17:04 Талас ОИИБинин басма сөз катчысы Динара Сарногоева: "Нааразычылык билдирип чогулгандар тарабынан мыйзам бузуу катталган жок. Азыр коомдук тартипти милиция көзөмөлдөп жатат. Митингчилер арасында таза шайлоо болбогонун айтып кыйкыргандар болду", - деди.

17:40 Талас шаарында облустук администрациянын алдында чогулуп турган Бабановдун тарапташтарынын басымдуу бөлүгү жаштар. Алардын арасында аялдар, орто муундагылар да бар экенин көрүүгө болот. Чогулган элдин арасында “Биз таластыкпыз, намыстуубуз” деп айтканын угууга болот. Митингге чыккандардын айрымдары "Бишкек шаарына барабыз" десе, айрымдары "кетпегиле" деп жатканын айтууда.

17:46 "Эл чогулуп турат. Абал тынч деди" өкмөттүн Таластагы өкүлү Дайыр Кенекеев SUPER.KG порталына.

18:23 “Биз шайлоонун жыйынтыгына нааразыбыз. Чогулгандар Сооронбай Жээнбековдун президент экендигин кабыл албайбыз. Чогулган эл эртең дагы митингди улантып 3 күн бою күн-түн дебей ушул жерден тарабайбыз деп жатышат. Биз татыктуу президент болсо деп талап кылып жатабыз. Учурда бизге кошулгандардын саны улам көбөйүп жатат. Кара-Буура тараптан атчан кишилер келе жатат. Биз бийликтин адилетсиздигине чыдай албайбыз”, - деп билдирди митингдин катышуучусу Каныш Төлөева.

19:10 Таластагы митингчилер тарай элек. Мындай маалыматты өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

19:58Таласта митингге чыккандар суукта ачка, тарабай турушат. Алар Алмазбек Атамбаев же Бабановдун келишин талап кылууда. Нааразы болгондор шайлоодогу кетирилген кемчиликтерди көрсөтөбүз деп жатышат. Азырынча эч ким кеткен жок. Жолдун четиндеги дүкөндөрдүн баары жабык турат. Негизи саат 10:00гө чейин соода кылышчу. Эртең менен Таластын башка айылдарынан да эл келмей болуп жатат. Өкмөттүн өкүлү Дайыр Кенекеев чыгып, "таза шайлоо болду" деп элдин кыжырына тийип сүйлөп кетти”, - деп билдирди митингдин катышуучусу Эркинбү Эшимбаева.

20:45 "Таласта митингге чыккандардын басымдуу бөлүгү тарап кетишти. Айрым жаштар турушат. Эртең митинг кайрадан уланат", - деп билдирди митингдин катышуучусу Каныш Төлөева.


кошулду


Таласта Бабановдун тарапташтары нааразычылык акциясына чыкты

Таласта Бабановдун тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты

Таласта Бабановду колдоп митингге чыккандар

Таласта митингде атчандар да чыккан видео тарап жатат

Бабановду колдогон митинг Таласта

16-октябрдагы Таластагы митинг

Таласта Бабановду колдогондор митингге чыгышты (16.10.2017)

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 18 
Комментарийлер(155)
16.10.2017. 16:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
08-04-2017
Соӊку аракети:
13-12-2017 15:15
Жынысы:
Белгисиз
-1
балким таласта таза откондур.бирок ош баткенде жалалабадыктарды ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-17 11:10:40
16.10.2017. 17:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
27-06-2017
Соӊку аракети:
30-11-2017 14:30
Жынысы:
Белгисиз
+23
1000% таза шайлоо болгон жок Баарын бурмалады админ ресусту колдонуп кантип эле 5% барер менен келе жаткан адам 54% менен отуп калат 1 турда эле
16.10.2017. 17:09 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5990
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-16
SansaNePredaiJohna, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
16.10.2017. 17:10 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5990
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-16
Almaz75, butun.kg, провокация жаратпаңыздар. Эскертүү!
16.10.2017. 17:11 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5990
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-15
Mikra, провокацияга жол жок! 5 күнгө БАН!
16.10.2017. 17:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
27-10-2016
Соӊку аракети:
17-10-2017 14:14
Жынысы:
Белгисиз
+18
Алдыга кыргыз элим
16.10.2017. 17:17 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+43
Башталды.... ХХХХ. Шайлоо жыйынтыгына баары нааразы... Ыплас шайлоо откону учун эл которулуп жатат....
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-16 17:35:30
16.10.2017. 17:41 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5990
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-28
Patriot7, провокацияга жол жок. Акыркы Эскертүү!
16.10.2017. 19:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 19:54
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмнеге чондор таласка баргандан коркушат,конгантиевди чала жан кылышкандан кийин коркуп калышканбы
16.10.2017. 17:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+39
2005-жылы тонкоруш да шайлоо жыйынтыгына нааразычылыктан келип чыккан... Аны Атамбаев менен Жээнбеков эстей журушу керек эле....
16.10.2017. 17:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
330
Катталган:
03-11-2012
Соӊку аракети:
03-07-2018 12:04
Жынысы:
Белгисиз
+48
ХХХХ. Нарындан 50%дан ашык добуш алганга тан калдым эч ким сокеге салабыз дечу эмес. Кайсы бети менен таза отту деп атат
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-16 17:34:36
16.10.2017. 17:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
31-03-2011
Соӊку аракети:
17-11-2018 21:10
Жынысы:
Белгисиз
-49
Билмексен болуп ызы чууну уюштурган бабановду кармагыла!!!элге тынчтык керее
16.10.2017. 17:30 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+38
Gema, эл учун биринчи болуп таза шайлоо,адилеттуулук, экинчи болуп тынчтык.....
16.10.2017. 17:37 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
09-08-2017
Соӊку аракети:
29-01-2018 04:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+33
Patriot7,туура талас эли акыйкаттык учун
16.10.2017. 19:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
22-02-2009
Соӊку аракети:
17-11-2018 13:35
Жынысы:
Белгисиз
-7
Gema,туура айтасың. Тынчтык болсун жерибизде. Анан өнүгүү болот!
16.10.2017. 20:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
17-12-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 20:31
Жынысы:
Белгисиз
+5
Gema,сен эмне билесинби аны Бабанов алып чыкканын, балким бийликтегилер оздору уюштуруп жаткандыр Бабановту революция кылганга аракет кылды деп кармоо учун. Ойлонгула туугандар таза шайлоо болгондо баары ыраазы болмок.
16.10.2017. 23:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
09-10-2013
Соӊку аракети:
29-12-2017 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
мусульмандар арасында...
-1
nematovich.90,Бабанов болсо анда деле чуулдашмак акчага сатып алды Мадумаров болмок дешип.
16.10.2017. 17:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
11-12-2015
Соӊку аракети:
16-11-2018 16:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ЖАЛАЛ-АБАД
-41
Таластанда жакшы эле добуш алыптырго. Өздөрү шайлап эми өздөрү митинк кылып жүрөт. Же добуштарды да жеке менчик кылып алды бекен Соке.
16.10.2017. 17:44 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+44
Ashka., Кеп Таласта Бабанов канча добуш алганында эмес, кеп Кыргызстан боюнча шайлоонун ыплас отконундо, Атамбаев президент башы менен талапкерлерди каралап, провокация жаратканында... Эл Бабанов же Мадумаров учун эмес, ыплас шайлоо жыйынтыгына каршы туруп, оз укуктары учун мыйзамдуу курошуудо...
16.10.2017. 20:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
09-02-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 13:08
Жынысы:
Белгисиз
+3
Patriot7, 100% sozunuzgo koshulam.
16.10.2017. 20:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
23-10-2012
Соӊку аракети:
02-04-2018 10:40
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ashka., ошону айтсан. 85% алып бериптирсинер го, дагы эмне керек. Ошончолук бир жеринер куйуп атса баргыла анда Жээнбековго 54% салган элдерге нааразычылыгынарды айтып.
16.10.2017. 17:28 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
466
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
+49
элге аябай боорум оруп атат.кагылайын замандаштарым.мен деле куйуп жатам
16.10.2017. 17:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
176
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 13:10
Жынысы:
Белгисиз
-63
Митинкке чыккандардын чөнтөгүн чукусан ар биринен миң сомдон чыгат бул деген саткындар эл бузарлар мен лично каршымын
16.10.2017. 17:50 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+45
baisogur, сен эмне кечоо Жээнбеков тараткан 1000 сомдорду айтпайсын?!!
16.10.2017. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
23-10-2012
Соӊку аракети:
02-04-2018 10:40
Жынысы:
Белгисиз
-19
Patriot7, а сен эмнеге Бабанов тараткан 1000 сомдорду айтпайсын? Колдо Бабановдун кишилери жугуруп эле журушту 1000 сомдон беребиз деп.
16.10.2017. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
13-11-2013
Соӊку аракети:
31-10-2018 22:41
Жынысы:
Белгисиз
-42
Эсинер барда этегинерди жапкыла дагы жаш балдарды кырасынар баштагандар!
16.10.2017. 17:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
31-03-2011
Соӊку аракети:
17-11-2018 21:10
Жынысы:
Белгисиз
-41
Мына видеодогу суйлошуулор башаламандык кылуу тастыкталып атат бабанов озунун креслосу учун барына дачр экени.ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-16 23:32:04
16.10.2017. 20:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
23-10-2012
Соӊку аракети:
02-04-2018 10:40
Жынысы:
Белгисиз
-12
Gema, туптуура. Таластык туугандарды тушунбой турам, Бабанов же Талас элине 1 сомдук пайда кылбаса, Казактарга барып Таластын улакчы жигиттерин ХХХХ, анан Бабанов Бабанов деп эле...
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-16 23:32:33
16.10.2017. 17:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
176
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 13:10
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бабановтун ХХХХ атат канча миллиондор абага кетти элди ойлосо ошол жерге барып элди токтотсун
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-16 17:56:16
16.10.2017. 17:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
24-10-2015
Соӊку аракети:
17-12-2017 16:45
Жынысы:
Белгисиз
+73
Жээнбековтун президент болушун элестетип алып ыйлагым келет да.
16.10.2017. 17:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
05-05-2017
Соӊку аракети:
21-10-2018 01:57
Жынысы:
Белгисиз
-30
К. Ташиев талапкер болгондо ошого добуш бермекмин. Ал коп кыйын учурда эл мн бирге журчу, туура айрым учурда ачууга алдырып коёт бирок чыныгы намыской эркектин баары эле ушундай менимче Манас эпосунда баатырлардын копчулугундо ушуга окшогон окуялар кездешет
16.10.2017. 19:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 19:54
Жынысы:
Белгисиз
+23
lilya8,ташиевди кордук,бир туруп бабановго сойонуп бир туруп мадумаров, анан эле сокеге ооп кетти
Бу ташиев саясаттагыларга ойнош болуп кетти
16.10.2017. 17:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
176
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 13:10
Жынысы:
Белгисиз
-40
Бабанов кетсин элди экиге болбой
16.10.2017. 17:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1008
Катталган:
20-10-2016
Соӊку аракети:
25-10-2018 21:46
Жынысы:
Белгисиз
-38
Бишкеке келсенер камаласынар жон эле отургула мурдакы жумшак мамиле кылган Бакиев жок
16.10.2017. 20:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
22-02-2009
Соӊку аракети:
17-11-2018 13:35
Жынысы:
Белгисиз
-5
Bolunbo.kyrgyz,ха ха ха эң туура
16.10.2017. 17:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
07-07-2012
Соӊку аракети:
13-10-2018 00:52
Жынысы:
Белгисиз
+59
Садыр Жапаровту чыгаргыла ошол Президенттике татыктуу адам....
16.10.2017. 18:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
16-11-2018 02:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
+64
Атамбаевда унутулуп калбайын деп ататго.Тарыхта кара тамга менен жазылгысы келсе керек.
Убагында Уй булообуз менен шайладык эле
Атамбаевди! Жоок дегенде Таза откоруп берсе болмок шайлоону.Озу баш болуп Кыргызстандын келечегине балта чапканы турат. Биз жактагыларда Шайлоого нааразы болушуп атат. Россияда туугандарымда суйунуп атта эле Бабанов отсо жумуш болсо кетебиз тажадык балдарыбызды сагындык деп! Барынанда мигранттар кыйналды.
Орустар да кандай басынтышат черныйлар деп.
16.10.2017. 18:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
13-08-2012
Соӊку аракети:
15-08-2018 00:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+55
Конгонтиевди жоноткуло Таласка Жээнбековдун досуго, элди таркатсын. :)
16.10.2017. 18:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
16-11-2018 02:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
+30
Акча чачып угут иштере тыюу салса элди кыдырганга. Кыргызстандын жери четинен сатылып кичирейип митинг адилеттуулук кутуп журуп омурубуз отуп кетпесе болду
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-16 23:34:50
16.10.2017. 18:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
527
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 18:53
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бабанов саясатка быша элек экен коалициядан чыгып башка премеьр министр дайындап оппозиция биригип алып андан соң шайлоого барганда утушмак өзүн өзү сатты
16.10.2017. 20:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
08-02-2018 12:35
Жынысы:
Белгисиз
+6
Jelezo,сага ким айтты Республика коалиция да Деп тушундон чочудунбу парламентский шайлоодон бери эле опозицияда келатат Бабанов ! Бабановду сындаганды Эмне кыласын озун ошону билип туруп жазып журбойсунбу уят болбой
16.10.2017. 20:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
22-02-2009
Соӊку аракети:
17-11-2018 13:35
Жынысы:
Белгисиз
+8
Erlaha,оппозиция болуп эмне иш кылды. Оппозиция болумуш болуп, АШАнын айтканын кылып эле журду го
16.10.2017. 18:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
07-07-2012
Соӊку аракети:
13-10-2018 00:52
Жынысы:
Белгисиз
+48
Оштогу Митингти эмне жашырып атасынар супер пупер
16.10.2017. 19:54 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5990
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+2
turaliev, саламатсызбы! Бул шилтемеден окуңуз: https://www.super.kg/sonku_kabar/news/205899/
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-16 23:35:40
17.10.2017. 00:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
25-05-2013
Соӊку аракети:
13-11-2018 15:11
Жынысы:
Белгисиз
0
turaliev,ким айтты сага Ошто митинг деп. Ош тыптынч эле турат. Шаардын ичинде кыдырып эми кирдик,баары оз нугунда эле го.
16.10.2017. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
527
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 18:53
Жынысы:
Белгисиз
+18
Дагы деле Республика Өнүгү Ата-мекен биригип коалиция түзүү керек ошондо Өкмөт оппозицияда болуп бийликти алышса болот эрки жетсе
16.10.2017. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
176
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 13:10
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бул жерде ызылдашпай Бабановту Таласка чакыргыла эркек болсо барсын бул жерде өзүңөрчө Манас боло бербей
16.10.2017. 18:26 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+33
baisogur, кеп Бабановдо эмес, кеп ыплас шайлоо откоргон Атамбаевде....
16.10.2017. 18:24 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+25
Дайыр Кенекеев "Таласта шайлоо таза отту" деп жатыптыр... Балким Таласта таза отсо откондур, бирок калган аймактардачы?!! Бир миллион шайлоочу (мигранттар) шайлоого катыша албаганын кантип тушунсо болот?!! Президент озу угут ишине аралашып, талапенрлерди каралаганын кантип тушунсо болот?!! Эл бул шайлоого нааразы жана копчулук шайлоо жыйынтыгын таануудан баш тартууда... Элдин нааразычылыгы менен эсептешпоонун акыбети жаман болуучу эле бийлик учун...
16.10.2017. 18:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
22-05-2013
Соӊку аракети:
17-11-2018 15:19
Жынысы:
Белгисиз
-37
жээнбеков татыктуу эле женди туугандар!женилууну да которуш керек бабанов чыныгы патриот болсо тынчтыка чакырсын!элге тынчтык керек. тынчтык учун жээнбековту эл тандады
16.10.2017. 18:32 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+26
kg.nurik, ыплас шайлоону тан албагандарга соз жок!!!
16.10.2017. 22:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
08-05-2015
Соӊку аракети:
05-06-2018 11:42
Жынысы:
Белгисиз
+9
kg.nurik, 1000 сом алганлардын бири
16.10.2017. 22:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
22-05-2013
Соӊку аракети:
17-11-2018 15:19
Жынысы:
Белгисиз
-11
Nurbag,оозуна келгенди оттой бербесен . мен алардын 1000 сомуна муктаж эмесмин болгону реалдуулукту айтып жатам. 1000 сом алгыдай денгеелге тушо элекмин сага окшоп
17.10.2017. 08:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
08-05-2015
Соӊку аракети:
05-06-2018 11:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
kg.nurik,сатып алды элди ушуну кантип мойнуна албайсын
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117816;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: