"Бүтүн Кыргызстандын" лидери Адахан Мадумаров SUPER.KG порталына 15-октябрда өткөн президенттик шайлоого карата комментарий берди. Мадумаров шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт.
"Шайлоонун жыйынтыгын тааныйм" десем Орусияда жана башка чет мамлекеттерде жүргөн миӊдеген мекендештердин үмүтүнө түкүргөн болом. Сыртта жүргөн 1 миллионго жакын Кыргыз жаранынын 18 миӊге жакыны гана шайлоого катыштырылганы, алардын укугун тебелегендик. Эгерде "шайлоонун жыйынтыгын тааныдым" десем, аларга чыккынчылык кылган болом. Экинчиден, миӊдеген жарандар шайлоо күнү өздөрүн тизмеден таппай калышты. "Шайлоонун жыйынтыгын тааныдым" десем, буларга да чыккынчылык кылган болом. Ошондуктан шайлоо керемет өттү дегенден өтө алысмын", - деп билдирди Мадумаров.
Мындан кийинки аракеттери кандай болору тууралуу: "Биринчи күрөш бүттү, экинчи күрөш башталат. Экинчи күрөш бийликтин мындан аркы аракеттерине жараша болот", - деди Мадумаров.