Бишкек шаарына жылуулук бериле баштады

Бүгүн, 17-октябрдан баштап Бишкек шаарында жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, 3 күндүн ичинде биринчи ирет борбордун бала бакчалары, мектептери жана ооруканалары жылуулук менен камсыз болот. Андан соң Бишкек шаарындагы үйлөргө жана карызы жок абоненттерге берилет.

"Бүгүн эртең менен биз жылуулук берип баштадык, азыркы учурда бизде атайын тизме каралган. Жалпысынан бизде ооруканалар боюнча 69 абонент каралган же болбосо 178 имарат, бала бакчалардан 73, алардын ичинен 63 бюджеттик. Ошондой эле 55 мектеп жылуулук менен камсыз болушту. Айрым бала бакча жана мектептердин жетекчилиги бизден жылуулук бербей тургула деп суранууда. Булар акча каражатына байланыштуу суранып жатышат, анткени канчалык эрте жылуулукту берип баштасак ушул күндөн баштап төлөп башташат", - дейт Айбек Калиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gulnara2014
2017-10-17 14:43:44
Ош шаарына качан берилет
+2
Aznazalai
2017-10-17 15:22:19
Карабалта шаарына качан берилет?
0
Gulkin
2017-10-17 17:14:45
Нарын Бишкек Оштон суук го Нарынга качан берилет
0
barakcha
2017-10-18 10:53:35
Тим эле уядай жылуу болуп калды уйубуз.Чоон рахмат сиздерге!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан