Талас шаарынын тургуну ижарага 2 гектар жер алып, төө буурчак айдаган. Анын айтымында, быйыл түшүм жакшы болуп, гектарына эки тоннадан төө буурчак алган.
"Азыркы тапта төө буурчактын килограммы 48 сомдон болууда. Дыйкандардын эмгеги акталып кымбатыраак болсо жакшы болмок. Төө буурчактын баасы былтыркыга караганда арзан болууда. Баанын төмөн болуп жатышына шайлоо себеп болду го. Шайлоодон улам фирмалар келбей жатышат деп угуп жатабыз", - деди Ильяз Курамаев.
Ал эми Адилет аттуу сатуучу төө буурчактын арзан болуп жатышына президенттик шайлоо жана чек арадагы абал себеп экенин айтты.