Саналуу мүнөттөрдөн кийин SUPER.KG'нин түз эфиринде рэперлер Бегиш менен Баястандын маеги башталат.
Сүйүү ырлары менен популярдуу болгон ырчы жигиттердин жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу сизди кызыктырган суроолорду жөнөтүңүз. Жообун түз эфир жүрүп жаткан учурда рэперлердин өзүнөн угасыз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген собол ээсине белек ыйгарылат.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт. Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда ушул кабардын алдына жазып, жооп алсаңыздар болот.
15:17 SUPER.KG'нин түз эфири рэпер Бегиш менен башталды, Баястан кечигүүдө.
15:18 Баястан түз эфирге кечигип келди.
15:20 Рэперлер алып баруучулардын "ойготкуч суроолоруна" жооп берүүдө.
15:22 Суроо: Качан концерт бересиңер?
"Жакында шаарыбыздын кафелеринин биринде чыгармачылык кечебиз өтөт", - дейт рэперлер.
15:22 Рэперлер ырды кантип жазып жана тандай тургандыгы тууралуу айтып берүүдө.
15:28 Баястан рэп окууда.
15:30 Суроо: "Теке" аттуу ыр кандай жаралып калган?
"Теке - бул жакшы жаныбар, негизи жаштардын тилинде жакшы бир нерсени "теке" деп атап коёт эмеспизби, ошол себептен "Теке" деп аталып калган. Биз сулуу кыздарды көргөндө "теке" экен деп коёбуз", - деген жообун узатышты.
15:34 Суроо: Бегиш, сүйлөшкөн кызың эмне менен алектенет?
"Сүйлөшкөн кызым юрист, өз кесиби менен иштейт".
15: 36 Рэперлер алардын чыгармачылыгына сын айткандарга караганда колдоо көрсөткөндөр көп экенин айтышты.
15:39 Суроо: Баястан, келечекте медицина тармагында эмгектене турган адамсың, эфирде Гиппократтын антын айтып берчи?
"Гиппократтын антын окууну бүтөрдө айтам. Аны жогорку курска барганда жаттатат. Азырынча жаттай элекмин".
15:42 Баястан атайын каражаттарды ичип, машыгуу залына барып жатканын айтып берди.
15:45 Суроо: Сырткы келбетиңерди өзгөртүп, сакал коюп көрдүңөр беле?
"Андай деле ойлор жок, балким, кийинчерээк коюп калышыбыз мүмкүн" деп жооп беришти бир ооздон рэперлер.
15:48 Рэперлер өздөрүнүн мүнөздөрү тууралуу айтып берүүдө.
Бегиш: "Талапты катуу коём, бирок ошол талаптарга өзүм жооп берем".
15:51 Суроо: Жандап жүргөн кызыңарды кантип эркелетесиңер?
Баястан: "Романтикмин, дайыма гүл берип турганды жакшы көрөм, коёнегим деп эркелетем, ал мени аюу дейт".
Бегиш: "Сүйгөнүм, жаным деп эркелетем. Бирок көп эркелеткенге жокмун".
15:54 Баястан менен Бегиш "Акыркы кат" чыгармасын жандуу аткарып беришүүдө.
15:57 Эфирде оюн орун алды. Рэперлер ооздоруна жаңгак салып "Эне тил" чыгармасын аткарууда.
16:03 Суроо: Сөздөн жаңылып өкүнгөн күндөрүңөр болду беле?
"Ар бир адамда болсо керек, бирок андай учурлар көп эле боло бербейт. Акыркы жолу эмнеге өкүнгөнүм эсимден чыгып жатат", - деп жооп узатты Бегиш.
16:06 Рэперлер каражатты кайсы жактан табары жөнүндө маалымат беришүүдө.
"Биз деле башка ырчылардай болуп тойлордо ырдайбыз, андан да башка жерлерден каражат табабыз. Мамлекеттин ырчыларга патент алышы керек дегени туура эмес деп эсептейбиз. Анткени мамлекет тарабынан бизге эч кандай жардам жок. Албетте, жарандык салыкты төлөгөндөн баш тартпайбыз", - дейт Бегиш.
16:14 Суроо: Баястан,сүйлөшкөн кызыңыз Зульфия менен кайсы жактан таанышкансыз?
"Ал бийчи болгондуктан биздин ырга бий коюп жаткан маалда таанышканбыз. Алгач Инстаграм баракчасынан издеп таап, сүрөттөрүнө "жакты" белгисин басып жүрчүмүн. Андан соң таанышып, сүйлөшө баштаганбыз", - дейт рэпер.
16:18 Суроо: Аяна Касымова менен эмнеге сүйлөшпөй калдыңыз?
Баястан: "Ушундай болуп калды, Аяна Касымова менен сый мамиледе калдык, азыркы сүйлөшкөн кызыма үйлөнөм деп ойлойм".
16:23 Рэперлер колдонуучунун суроосуна ылайык, өздөрүнүн жети аталарын атап беришүүдө.
16:25 Ырчылар чыгармачылыгы, алдыга койгон максаттары тууралуу айтып беришти.
Бегиш: "Жакынкы арада "Кара тору Бегиш" аттуу альбомум жарык көрөт. Азыркы тапта альбомдун 70 пайызы даяр болуп калды. Буюрса, бардык жаңылыктар менен сиздерге бөлүшөбүз".
16:30 Бегиш менен Баястандын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги жыйынтыкталды.