Ооганстандын Кабул шаарындагы шииттердин мечитинде болгон жардыруудан кеминде 50 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жан кечти Дашти-Барчи районунда жайгашкан "Имам Заман" мечитинде кечки намаз учурунда өзүн жардырып жиберген. Анын кесепетинен кеминде 50 адам каза болуп, 45 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан.
Азырынча эч бир террордук уюм Кабулдагы жардыруу боюнча жоопкерчиликти алыша элек.