Памирден келген этникалык кыргыз Жанбүбү Маматзайым кызы көз жарды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жанбүбү Маматзайым кызы 21-октябрда көз жарып, уулдуу болгон. Азыркы тапта бала менен эненин абалы туруктуу экенин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирген.
Ал азыркы тапта ымыркай жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин белгилеп, кийинчерээк медициналык текшерүүдөн толук өтөрүн кошумчалаган.
Эскерте кетсек, Нарын облусуна Ооганстандын Чоң жана Кичи Памиринен 6 үй-бүлө - жалпы 33 адам окутууга алынып келген. Алар Нарын шаарына 13-октябрда келишкен. Памирлик кыргыздарды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп жүрүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар тосуп алышкан.
Алар Нарындын жер шартына көнгөнгө чейин облустук ооруканага жайгаштырылган.