Талас облусунун Талас районунда 22-октябрь күнү жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза болду. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, саат 09:00дө куткаруучулар Чоң-Токой-Арал айылдарында Хонда-CRV үлгүсүндөгү унаа менен мамлекеттик Фольксваген үлгүсүндөгү унаа кагылышкан жерге барышкан.
Фольксваген унаасында жалпы 4 адам болуп, 1958-жылы туулган М.С. аттуу айдоочусу жана 1 жүргүнчүсү каза болгон. 2 жүргүнчүсү райондук ооруканага жеткирилген. Хонда CRV унаасынын айдоочусу Б.С. унаага кыпчылып калган. Куткаруучулар унаадан чыгарышып, жолдо бара жаткан унаа менен ооруканага жеткирилген.