Өлкөгө туура эмес жерге коюлган унаалардын дөңгөлөгүнө тагыла турган 10 “блокиратор” алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"21-октябрда Кытайдан 10 "блокиратор" алып келинди. Алар ушул жылдын аягына чейин Бишкек шаарында эксперимент катары колдонула баштайт. Эгер колдонуунун жыйынтыгында жакшы натыйжаларды берсе кийинки жылы алардын санын көбөйтөбүз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, буга чейин жол эрежесин бузган же туура эмес жерге коюлган унаалардын дөңгөлөгүнө Патрулдук милиция тарабынан “блокиратор” тагыла баштай турганын Патрулдук милиция боюнча ИИМдин координатору Нур Сатыбалдиев билдирген.
Айта кетсек, "блокиратор" - унааны ордунан жылдырбоо үчүн дөңгөлөккө тагыла турган инструмент.