ЭЛДИК КАБАР: Ысык-Көлдө амфитеатр ачылды

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Амфитеатрдын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүнөн WhatsApp аркылуу байланышкан окурманыбыз сүрөттөр топтомун жөнөттү.

"Ачылыш аземине маданият министри, негиздөөчүлөр, куруучулар, демөөрчүлөр, райондук администрация башчысы, айыл өкмөт башчылары жана көптөгөн коноктор катышты. Ачылыш аземи филармониянын ырчы-чоорчуларынын катышуусунда болду. Буюрса, Ысык-Көлдөгү амфитеатр өзүбүздүн, чет өлкөлүк ырчылардын сахнасына айланат жана Ысык-Көлдү дагы да болсо чет өлкөлөргө таанытат деп ишенебиз", - дейт ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Derzki_kyrgyz
2017-10-24 17:21:59
Салымбековдун эмгеги
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан