Япон режиссёру Жуни Окабе башка планетадан келген кыргыздардын расасы тууралуу фантастикалык тасма тартты. Бул тууралуу The Hollywood Reporter америкалык басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, "Brave Storm" ("Күчтүү бороон") деп аталган тасма 10-ноябрда сатыкка чыгат.
"2050-жыл. "Кыргыз" деп аталган башка планетадан келген раса адамзатты жер бетинен жок кылып салган. Аман калган адамдар алардан согуштук роботторду жасоо технологиясын уурдап алып, өткөн чакка барышат. Ал жактан кыргыздарга каршы күрөшө ала турган күчтүү армия курайт", - деп жазылат фильмдин синопсисинде.
Фильм режиссёрдун дебюттук тасмасы. Анда башкы ролдорду Хисаши Йошизава, Сюнсукэ Дайто, Тихиро Ямамото, Шу Ватанебе, Юки Мацузаки аттуу кино жылдыздары аткарышат. Тасманын бюджети 20 миллион долларды түзөт.