Дзюдочу Ислам Баялинов Самоада өткөн Дүйнө кубогунда коло медалды жеңип алды

Кыргызстандык дзюдо чебери Ислам Баялинов Самоада өткөн Дүйнө кубогунан коло медаль менен кайтты. Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайтында айтылгандай, ал мелдеште жалпысынан 4 беттеш өткөргөн. 66 килограмм салмак категориясында жаңы зеландиялык Алекс Бишоп менен австралиялык Стивен Браунду жеңген И.Баялинов финалга жолдомо үчүн күрөштө британиялык Колин Отсго жеңилүүгө аргасыз болгон. Натыйжада 3-орун үчүн күрөш жүргүзүү укугуна ээ болгон мекендешибиз мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган эмес. Коло медаль үчүн кармашта ал жаңы зеландиялык башка балбан Элистер Литтин үстүнөн жеңишке жетишти. Ал эми чемпиондукту орусиялык Камал Хан-Магомедов утуп алганын кошумчалап кетебиз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан