Япон режиссёру Жуни Окабенин "Brave Storm" ("Күчтүү бороон") аталышындагы тасмасы Кыргыз жеринде катуу талкууга алынууда. Режиссёр фантастикалык тасмасындагы башка планетадан келгендерди "Кыргыз" деп атаган. Көпчүлүк аны терс кабылдашып, Кыргыз улутун шылдыңга алуу катары сыпатташууда.
Японияда бир топ жылдан бери жашап, иштеген Айбек Токторбай уулу япон тасмасындагы "Кыргыз" деген атты жөн гана дал келүүчүлүк деди.
"Менимче, "Кыргыз" деген ат жөн гана дал келүүчүлүк. Бул жакта Кыргыздарды "Kirugisu" дейт. Кинодогу персонаждын аты да "Kirugisu" болуп калган. Япондордун көбү Кыргыздар тууралуу биле беришпейт. Япониядагы Кыргыздардын арасында ага күлгөндөр да, жинденгендер да бар", - деди Айбек Токторбай уулу.
Ал эми дагы бир Японияда жашаган Кыргыз жараны Назым Байбосунов тасмадагы "Кыргыз" болгону котормочулардын катасы экенин айтты.
"Бул жактагы кыргыздар үчүн да күтүүсүз болду. Көбү ал кино жөнүндө Кыргыз өлкөсүндөгү маалымат булактарынан билишти. Кээ бири "бул да болсо кошумча жарнама да" деп тамашалап кабыл алса, кээ бирине бул эмне деген жорук дегендей эле болду. Өзгөчө япончо билгендер үчүн бул унутулуп калган каарманды изилдеп чыкканга түрткү болду го. Менимче, бул жерде котормочулар ката кетиришкен. Тасмадагы бөтөн планетадан келген желмогуздун аты "Киругису", ошон үчүн англис тилине "Kyrgyz" дебей "Kirugisu" деген эле транслитерацияны колдонсо туура болмок. Себеби ал каармандын аты да. Демек, башка тилге которулбаш керек. Кыргыз деген сөз да япон тилине орус тили аркылуу кирип калып "Киругису" деп жазылып калган жана азыр да ушундай айтылат", - дейт Байбосунов.
Ошондой эле ал жогорудагы желмогуз Японияда 1970-жылдардын башында чыккан телесериалдагы терс каармандардын бири экенин кошумчалады.
"Япондор негизи ушундай жанрдагы комикс, кино, телесериалдарды абдан жакшы көрүшөт. Адатта маскачан оң каарман болот. Космостон желмогуз баскынчылар каптап киргенде, ошол маскачандар адамзатты коргоп калат. Ар бир сериясында ар кандай желмогуздар кол салат. Ошол желмогуздардын бир түрү "Киругису" болгон. Ал телесериал жарык көргөндө анын автору Кыргыз деген эл бар экенин деле билбесе керек. Азыр деле көпчүлүк япондор кыргыздар же Кыргыз өлкөсүн биле бербейт. Ошон үчүн бул жолку ремейктеги каармандын Кыргыздар менен эч байланышы жок десек болот. Бул жөн гана котормочулардын катасы", - деди Назым Байбосунов.
Фильм режиссёрдун дебюттук тасмасы. Анда башкы ролдорду Хисаши Йошизава, Сюнсукэ Дайто, Тихиро Ямамото, Шу Ватанебе, Юки Мацузаки аттуу кино жылдыздары аткарышат. Тасманын бюджети 20 миллион долларды түзөт.
Фильмдин синопсисинде "2050-жыл. Кыргыз деп аталган башка планетадан келген раса адамзатты жер бетинен жок кылып салган. Аман калган адамдар алардан согуштук роботторду жасоо технологиясын уурдап алып, өткөн чакка барышат. Ал жактан кыргыздарга каршы күрөшө ала турган күчтүү армия курайт", - деп жазылат.