Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлердин бири: "Теледебатта журналисттердин партия өкүлүнөн байпагынын өңү тууралуу сураганы туура эмес"

Шаардык кеңешке аттанып жаткан партиялардын биринин мүчөсү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Мавлян Аскарбеков бүгүн БШКнын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда КТРКда өтүп жаткан теледебаттарга токтолуп, сын айтты. Ал: "Теледебат учурунда журналисттердин партия өкүлүнөн байпагынын өңү тууралуу сураганы туура эмес. Мунун шайлоого кандай тиешеси бар?"- деди. БШК өкүлдөрү теледебаттарды көзөмөлгө алышы керектигин, өткөн шайлоолордо да андай катачылыктар кеткенин айтты талапкер. Ошондой эле М.Аскарбеков теледебаттагы убакыттын аздыгын белгиледи.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан