Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде педофилдердин жазасын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорунда балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн жаранды өмүр бою билим берүү тармагында иштөө укугунан ажыратуу сунушталган. Демилгечилер билдиргендей, жабырлануучунун ата-энеси арыз жазбай же болбосо элдешүү жолу менен арызын алып салышы мүмкүн. "Мындан улам педофилдерге карата жабырлануучунун арызы болбосо деле кылмыш ишин козгоо укугун тергөөчүгө же прокурорго берүү демилгеленүүдө", - дешет долбоордун авторлору.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери “Ата Мекен” фракциясынан депутаттар: Аида Салянова, Наталья Никитенко, КСДП фракциясынан депутаттар: Карамат Орозова, Элвира Сурабалдиева, “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев, “Бир Бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев жана эркин депутат Жанар Акаев.