Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Татар айылындагы мүрзөдөн 51 эстеликти талкалаган адамдын баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Окуя 28-октябрда болгон, анда 28 жаштагы ошол эле Татар айылынын тургуну 51 эстеликти кулатып, талкалап салган. Ал окуя болгондон бир күндөн кийин кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Эми сот тарабынан баш коргоо чарасы каралат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ал эми шектүү көрсөтмөсүндө 51 эстеликти кулатып, талкалаганын моюнуна алып, бул кадамга ал эстеликтер маркумдарга тиги дүйнөдө жүк болбосун деп барганын айткан.