super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-НОЯБРЬ: Ырчы, алып баруучу Гүлбү Ороскул кызы көзү тирүү болгондо бүгүн 41 жашка чыкмак

 

Эстрада жана фольклор ырчысы, "Кыз-жигит сармерден" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Гүлбү Ороскул кызы көзү тирүү болсо бүгүн, 1-ноябрда 41 жашка чыкмак.

Жаңыдан кырктын кырын ашып, небере жытын искеп, бакытка балкып турган мезгилинде шум ажал колдон жулган шайыр жеңе 1976-жылдын 1-ноябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн.

1991-жылы Авлетим орто мектебинен 8-классты аяктап, Бишкек шаарындагы Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайына келип тапшырып, 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1996-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, 2000-жылы бүтүргөн.

Эки кыздын энеси, белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы калың элге өзүнүн "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага", "Ортомчу бизге Ысык-Көл" жана башка ырлары менен белгилүү болгон.

2000-жылдан бери маданият чөйрөсүндө кызмат кылып келген Ороскул кызы кыргыздын ырчы айымдарынан түзүлгөн «Достор» тобунда да ырдап келген. 2015-жылдан бери КТРКнын «Кыз-жигит сармерден» теледолбоорунун алып баруучусу болуп эмгектенген.

Ырчынын кызы Айзуура Иманалиеванын социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган эскерүүсү:

"Эне менен бала бири-биринен эч качан ажырагыс болсо...
Таш боор тагдыр биздин көз жашыбызга карабай, сени бизден алып кетти... Жүрөгүм канап, сыздап турам. Сенсиз жашоо ушунчалык караңгы, кызыксыз, супсак экенин жан дүйнөм менен сездим. Жөжөлөрүң жетимсиреп калды...
"Кандайсыңар, кыздарым?" - деп эшиктен жаркылдап кирип келчүдөй карааныңды издейбиз. Чуркап барып жыттап, жүзүңдөн сүйүп, эски күндөрдөй кучакташып жатып алып сырдашкан күндөрдү сагынганымды бир билсең...
Ар дайым жаныбызда жүргөнүңдү билем. Ыйлап жатсам жашымды сүртүп, бооруна кысканыңды туям... Турмуштун оор сыноолорунда ага туруштук берип, бизди бөпөлөп бакканыңды, кабагым-кашым дебей, эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун кылганыңды, анын баары биз үчүн экенин билебиз. Эми гана биз сени алаканга салып багар кезде, эмнеге бизди таштап кеттиң?! Ушуну билбей турам...
Эми "тигил жакта" да бизди карап "менин кыздарым" деп сүйүнүп, сыймыктанып тургудай жашайбыз! Кыргыз элиң, уулдарың, кыздарың, неберелериң эч качан жоктотпойт! Сүйкүмдүү элесиң түбөлүккө жашайт!
Сен бул дүйнөдө жок болсоң да жан дүйнөмдүн төрүндө, жүрөгүмдүн түпкүрүндө экөөбүз жолукканча жашайсың!
Туулган күнүң менен, АПАКЕ!"

Эске салсак, Гүлбү Ороскул кызы ушул жылдын 6-октябрь күнү көз жумган. Медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча ырчынын өлүмүнө ашказан оорусу себеп болуп, ичине кан толуп кеткен. 8-октябрда Бишкек шаарындагы Беш-Күңгөй айылында ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөн.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.11.2017. 11:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
25-05-2017
Соӊку аракети:
02-05-2018 13:41
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаткан жериниз жайлуу болсун эжеке.кыздарынызга кудайым куч кубат берсин бактылуу болушсун ушунчалык менинда журогум сыздап атат.аябай журок оорутуп кете бердиниз бейиштин торунон орун алыныз.куран окуп турам сизге
01.11.2017. 11:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
25-05-2017
Соӊку аракети:
02-05-2018 13:41
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай ичим атышат сизге ачык жаркылдаган эже элениз сизге бейиштен кана орун бар.кыздарыныз аман болушсун сизге курандан башка эч нерсе кыла албайбыз жаткан жериниз жайлуу болсун.
01.11.2017. 11:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
17-11-2018 15:18
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кечээ барбыз,бугун жок.Кимге кайсыл убакта белгисиз олум,кутулбогон меймандай болот. Козу жаш отуп кеткен эжелерибизди эстесем ичим туз куйгандай ачышат
01.11.2017. 16:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
04-10-2011
Соӊку аракети:
08-03-2018 13:54
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мурда кийин бул ыраматылык синдибиз ырдап чыкканда, Сармерденди алып барып жургондо ии татынакай дегем. Бирок уксам чындыгында топ арасынан аппак ак куу супсулуу боунуп турган сулуу кыз деп айтышты. Кыздарын кайраттанып белин бекем бууп оздору жазгандай Сен сыймыктанган кыздар болушсун. Омурлору узун бактылуу болушсун.
01.11.2017. 21:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
592
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
05-11-2018 12:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Абдан эмгекчил, абдан сулуу, таланттуу озгочо жан элениз, эстеген сайын ичим туз куйгандай ачышат, ичти сыздатып кете бердиниз, ырларынызды кайталап угуудан тажабайм, жапжаш бойдон эрте кеткениниз абдан окундурот, айла канча ажал келсе арга жок экенда. Аллахым бейиштин торунон орун берсин. Эжеке жаркылдаган жузунуз менен биздин эсибизде туболук сакталасыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117816;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: