Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 6-10-ноябрь аралыгында эркектер арасындагы волейбол боюнча өлкө чемпиондугу - Жогорку лиганын акыркы туру орун алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн волейбол федерациясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, медалдар үчүн күрөштү 2 тайпага бөлүнгөн 10 команда улантууда. 2 турдун жыйынтыгында алдынкы үчтүктө "Ош Бажы" (26 упай), "Ош" (25 упай) жана "Жалын" (24 упай) командалары жайгашкан.
Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду жеңип алган команда Жогорку лиганын жеңүүчүсү аталып, кийинки сезондо Улуттук лигада ойногонго жолдомо алат. Ал эми 2-орунду ээлеген команда кийин сезондо Улуттук лигага өтүш үчүн, ал жактагы 5-орундагы команда менен беттешет.
Тайпанын тизмеси:
"А" тайпасы: "Ош", "Сольвейг Спорт", "Ош Пирим", "Нарын", "Кара-Балта";
"В" тайпасы: "Ош Бажы", "Жалын", "Энергетик", "Билим", "Бүркүт".
3-турдагы оюндардын тизмеси:
6-ноябрь
8:30 "Жалын" - "Бүркүт";
10:00 "Энергетик" - "Билим";
11:30 "Ош" - "Нарын";
13:00 "Сольвейг Спорт" - "Ош Пирим";
14:30 "Ош Бажы" - "Билим".
7-ноябрь
8:30 "Нарын" - "Ош Пирим";
10:00 "Ош" - "Сольвейг Спорт";
11:30 "Бүркүт" - "Энергетик";
13:00 "Ош Бажы" - "Жалын".
8-ноябрь
8:30 "Билим" - "Бүркүт";
10:00 "Энергетик" - "Ош Бажы";
11:30 "Сольвейг Спорт" - "Нарын";
13:00 "Ош Пирим" - "Ош";
14:30 "Билим" - "Жалын"
9-ноябрь
8:30 "Жалын" - "Энергетик"
10:00 "Бүркүт" - "Ош Бажы"
11:30 "А" жана "В" тайпасындагы 3-орунду ээлеген командалар беттешет.
10-ноябрь
8:30 "А" жана "В" тайпасындагы 2-орунду ээлеген командалар беттешет.
10:00 "А" жана "В" тайпасындагы 1-орунду ээлеген командалар беттешет.
16:00 Улуттук лигага тандап алуу оюндары.
2 турдун жыйынтыгындагы абал:
1. "Ош Бажы" - 26 упай
2. "Ош" - 25 упай
3. "Жалын" - 24 упай
4. "Сольвейг Спорт" - 21 упай
5. "Энергетик" - 17 упай
6. "Ош Пирим" - 12 упай
7. "Билим" - 9 упай
8. "Нарын" - 8 упай
9. "Бүркүт" - 5 упай
10. "Кара-Балта" - 0 упай.