"Болливуддун падышасы" атка конгон индиялык актёр, продюсер жана алып баруучу Шахрух Хан катышкан тасмаларды калтырбай көргөндөр четтен табылат. "Менин атым Хан", "Сүйүшкөндөр", "Девдас" жана башка тасмалар аркылуу көпчүлүктүн кумирине айланган актёр бүгүн, 2-ноябрда 52 жашка толду.
Ал 1965-жылы 2-ноябрда Индиянын Нью-Дели шаарында туулган. Экономика жаатында билим алган Хан 1988-жылы университетти аяктап, ошол эле жылы актёрлук чөйрөгө аралаша баштаган. Алгач бир канча сериалдарда эпизоддук ролдорду аткарып, 1992-жылдан тарта фильмдерде баш каармандын образын чагылдыра баштаган.
1990-жылдардан азыркы кезге чейин кандай гана тасмага тартылбасын баары тең өз көрөрмандарын таап келет. Мисалы, быйыл, 2017-жылы жарыкка чыккан "Бай" тасмасы да жетиштүү деңгээлде киреше алып келген. Бирок контрабанда менен машыккан адамдын образын чагылдыргандыктан биринчи жолу ал катышкан фильмди Пакистанда көрсөтүүгө тыюу салышкан.
Ал эми 2007-жылдан тарта телевидениеде алып баруучулук кызматты аркалап, ар түрдүү интеллектуалдык берүүлөрдү алып барып келген.
1991-жылы Гаури Чиббер аттуу бийкеч менен баш кошкон. Экөө 1 кыз, 1 уулдуу болушкан, ал эми 3-ымыркайын карын эне төрөгөн.
Шахрух Хан тууралуу кызыктуу фактылар:
2-ноябрдын жылнаамасы.