ЭЛДИК КАБАР: "Жайылдагы Ставрополовка айылында иштебей калган бала бакча айрым адамдардын "жаман" жайына айланды" дейт окурман

"Жайыл районуна караштуу Ставрополовка айылындагы 2 кабаттуу бала бакча көптөн бери иштебей турат. Имараттын терезе, эшиктери жергиликтүүлөр тарабынан талкаланып кеткен", - деп жазат окурман "Элдик кабарга".

Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, бала бакчадагы курулуш каражаттарынан тартып андагы буюмдардын баары уурдалып, жок болгон.

"Азыр анын дубалынан башка эч нерсеси калган эмес. Кээ бир адамдардын "жаман" жайына да айланып кетти. Ушул бойдон калса ал имарат эч пайдасыз жок болот же жергиликтүү бийлик тез аранын ичинде оңдоого алабы? Имаратты талап-тоноону токтотуп, максаттуу пайдалануу колго алынышы керек. Дегеле буга ким көзөмөл кылат?" - деп жазган ал.

Ошондой эле аталган билдирүүнүн ээси бала бакчанын айланасындагы 2 люк ачык жатканын, бул абал чоңдор үчүн да, балдар үчүн да кооптуу экенин кошумчалаган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
gute
2017-11-02 12:47:00
Мен мындай корунущторго тан калбайм дагы анткени биздин мамлекетибиздин аты Кыргызстан
-5
Alibay
2017-11-02 12:58:15
Ошол жерге барып ,жаман жайга айланткан ким?Ошол жердин тургундары.Таза сакташ озубуздун колдо да.Мамлекетти куноолордон мурда ,озубуздон биир кабар алсак жакшы болмок.
+5
Eli.91
2017-11-02 13:03:34
Орус оюна келгенди кылат деп бекеринен айткан эмес,бул айылда орустар толтура,ошол орустар кечиндеси свидания кыоатурган жайга айландырган,дагыда алкаштар да ошол зданияга кирип арак ичишет.
-1
Nanei
2017-11-02 13:09:03
Eli.91,ой боой Эми ушундай кантип болсун. Тобоо,Эми орустарга шылтадык го. Биротоле Путин куноолуу деп койбрйсунбу анча болду. Орустар жашап турган кезде,СССР учурунда Кыргызстан гулдоп кана турчу. Между прочим.
+6
Eli.91
2017-11-02 13:11:44
Чындыгында буга окшогон талкаланган имараттар толтура,ушундай имараттарды озунон озу талкаланып жок болгучейин кичине бир пайдалуу иштетсе болбойбу?кандайдыр бир сех кылабы,же завотбу?колунан келе турган адамдарга берсе,албетте гдета бир 1%мамлекетке пайда алып келе турган,жанада адамдарды жумуш менен камсыз кылса ошондо мигрант болуп чет жака чыккандар азаят беле,канечно жапжакшынакай эле имараттар ушуга окшоп бузула берсе кыргызстан онолмок тургай артка кетет.
+1
Eli.91
2017-11-02 13:20:41
Люк жонундо айтсам 6-7жыл болуп калды окшойт менимче,ошто навай паркта бир орус келин баласын ойнотуп баратып бала озунчо басып бараткан экен,ушундай люктун капкагы кичине жылып калган экен эле бала ошол жерди тепсеп алып ичине тушуп кеткен экен,корсо ал жолдун астынан акбуура суусу отот экчен эле,бала ошол сууга тушкон бойдон табылбады окшойт менимче,эми жнесин корсон безилдейт тимеле,бечарага жаман боорум ооруган,коз алдыбызда ошонтип баласын жоготуп таппай калды келин,ошондой баарына жооп
0
Eli.91
2017-11-02 13:22:08
Керчиликтуу бутурсок жакшы болмок жумушубузду,озу чындыгында люктарды караган адамдар болобу?
+1
Jumahmatov
2017-11-02 18:56:06
Башкасыны койуп люк бойунча айтсам Бишкетин центринде эле уметалиев чуй проспектисинин жанында люктар ачык жатат мен тундо суйлошкон кызым менен баратып байкабай тушуп кетип бир жума жакшы баса албай журдум
0
Eli.91
2017-11-02 19:51:39
Люк менен байланышкан окуялар коп эле болот,бирок бул окуялардын бири дагы жогорудагыларды ойлондурбайт окшойт ээ?ушундай окуялардан кийин деле каралбай текшерилбей келет ушул кунго чейин?
0
Aikoo2014
2017-11-02 20:09:19
Эгер чынында эле Жогорудан жардам болбосо, оздорунун жана балдарынын, туугандарынын кооптулугу учун деле жергиликтуу эл жаап койсо болот. Бир аз акча чогултса люкту жапканчалык бетон келээр. Чынында эле люктардын ачык жатканы кооптууда.
Ал эми тиги имарат чынында эле таш талканы чыгыптыр. Имаратты арендага алаарда эле очойгон акчаны сурабай азыраак акчага арендага берсе бироо жарым иштетет беле.
0
Eli.91
2017-11-02 20:23:12
Сыртынан жакшынакай эле корунот экен,болбосо курулуш кампаниясына берип койсо,ондоп тузоп балким квартира кылып сатса да болгудайго,завот кылса деле болсо керек,ондоп тузоп швеный цех кылса дагы болгудайго,иши кылса кылам деген адам гулдотуп жиберетго,жогорудагылар 5 колун оозуна тыкбай арзан айтса эгер,жон жатып жок болгучейин,бекер деле айына салык толой турган кылып берип койсо балким малочный фирма кылса да болгудай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан