Германиядагы Эрланген жана Индиядагы Дели университеттеринин окумуштуулары Индиянын батышында жайгашкан Гуджарат штатынан мындан 90 миллион жыл мурда жашап өткөн деңиз жандыгы - ихтиозаврдын сөөгүн табышкан. Бул тууралуу АКШдагы "Plos One" журналы жазып чыкты.
Окумуштуулардын айтымында, бул өтө чанда кездешүүчү көрүнүш. Себеби буга чейин алар мындай жандыктардын айрым гана бөлүктөрүн таап келишсе, жогоруда аталган изилдөөчүлөр сөөктү толугу менен табышкан жана анын узундугу 5,5 метрди түзгөн. Ошондой эле тиштин калдыктарынан жандыктын балык жана деңиздеги майда жашоочулар менен тамактанганын аныкташкан.
"Жакынкы арада ушул аймакка кененирээк казуу иштерин жүргүзүү алдында турабыз. Анткени мындан башка да байыркы жандыктардын сөөктөрү табылышы мүмкүн", - деген изилдөөчүлөрдүн бири Гунтапалли Прасад.
Ихтиозавр - сырткы келбети дельфин менен китке окшош деңизде жашаган байыркы жандык, кээде суу динозавры деп да аталат. Алар болжолдуу түрдө мындан 250 миллион жыл мурда пайда болуп, акыркы жандыктары 90 миллион жыл мурун жок болгон.