15 жыл мурда журналисттин тизесин кармап, интимдик мамилени сунуштагандыгы үчүн британиялык министр кызматынан кетти

Улуу Британиянын коргоо министри Майкл Фэллон мындан 15 жыл мурун жергиликтүү Жулия Хартли-Брюер аттуу журналистке интимдик байланышта болууну сунуштаган деп "күнөөлөнүп" кызматынан кетти. Мындай кабар чет элдик басылмаларда жарыяланууда.

Маалыматта жазылгандай, ал журналистке мындай сунушту анын тизесин кармап алып айткан. Акыркы 2 апта ичинде Фэллондун 15 жыл мурунку аракети ачыкталып, катуу талкууга алынган.

Журналист Жулия Хартли-Брюер бул окуя эч кимди капа кылбаганын, "тизелери жайында" экенин айтканы менен коомчулуктун сыны министрди кызматтан кетүү тууралуу арызын жазууга мажбур кылган.

Майкл Фэллон кызматтан кетүү тууралуу жазган арызында 2002-жылы болгон бул жүрүм-туруму Куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлеринин стандарттарына туура келбей тургандыгын моюндап, буга байланыштуу кызмат ордун бошоторун билдирген.

Ал эми Британиянын премьер-министри Тереза Мэй коргоо министринин кызматтан кетүү тууралуу бул чечимин эрктүүлүк деп сыпаттап, башка аскер кызматкерлерине үлгү болушу керек деп белгилеген.

Фэллон кызматтан кетип жатып, 3,5 жыл Куралдуу күчтөрүн жетектегендиги менен сыймыктанарын жана бул жылдар аралыгында террордук уюмдар менен жетишерлик деңгээлде күрөшө алганын билдирген.

Тереза Мэй бул окуядан кийин өзүнүн кызматкерлерине эскертүү берип, министрлердин бири катчы кызына "чоңдор үчүн оюнчук" сатып алууга буюртма берүүнү айтканын белгилеген. Бирок ал министрдин атын атаган эмес. Муну менен катар эле Мэй өзүнүн орун басары Дэмиен Гринге карата иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирген. 61 жаштагы Дэмиен Грин өзүнөн 30 жаш кичүү партиялашына 2 жылдан бери сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди көрүп жүргөн деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
APCEH
2017-11-02 14:25:17
Кемерон эмне болду эле?
0
Nazaralikarakulja
2017-11-02 22:14:08
Аларда без проблема элего интим маселеси
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан