Голливуд жылдызы, мультимиллионер Мадонна Лондондон Лиссабонго учуучу учакта катардагы эл менен чогуу кеткени чет элдик журналисттерди дүрбөлөңгө салды. Тактап айтканда, ырчынын эконом-класста отурган сүрөтү коомчулукка жайылып кеткен соң бир канча басылмалар жана окурмандар аны "сараң" деп атаганга чейин барышкан.
"Мадоннанын байлыгы болжол менен 800 миллион долларды түзөт. Ал эми ал отурган орундук эконом-класстагы эң арзан орун деп эсептелет. Баасы ашып кетсе 100 доллар. Анын үстүнө кысылып, бүкүрөйүп калганы даана байкалып турат. Акчаны авиабилеттен аябай, бизнес-класс менен эле учса болмок", - деп жазышкан алар.
Белгилүү болгондой, Мадонна Лондондо жашаган уулу Рокко Ричи менен жолугушуп, андан соң Португалиядагы баласын көздөй сапар тарткан. Ал эми бул анын биринчи жолу карапайым калк менен чогуу кетүүсүбү же ар дайым үнөмдөөчү орундукта отуруп кетеби азырынча белгисиз. Ырчы бул боюнча билдирүү тарата элек.
Мадонна - белгилүү америкалык ырчы, бийчи жана продюсер. Дүйнөдөгү эң таасирдүү аял музыканттардын сап башында турат.