super.kg logo

"Зордуктоо учурунда кандай кийимчен элең?": Зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер, секелек кыздардын кийимдери көргөзмөгө коюлду

 

АКШдагы Канзас университетинде "Зордуктоо учурунда кандай кийимчен элең?" деген аталыштагы өзгөчө көргөзмө өтүүдө. Анда зордук-зомбулукка кабылган адамдардын ошол кезде кийип жүргөн кийимдери көргөзмөгө коюлган.

Көргөзмөнүн негизги максаты - зордукталган адамдар тууралуу кеп козголгондо дароо ачык, эркекке чакырык таштоочу кийим кийген кыз-келиндерди элестетүүнү жоюу. Себеби мындай кырдаалга кабылгандардын көбүнө эң алгач "Зордуктоо учурунда кандай кийимчен элең? деген суроо узатылары талашсыз. Көргөзмөдө зомбулукка кабылган 18 окуянын ээлери тууралуу баяндалат. Бирок ал жактан бир гана купальник же кыска көйнөктөрдү эмес, футболка жана узун шымдарды да көрүүгө болот.

Аталган арт-долбоор 2013-жылы Канзас университетинин сексуалдык зордук-зомбулукту токтотуу борборунун башчысы Жен Брокмэн тарабынан ойлонуп табылган.

"Көргөзмөгө келгендер кийимдер аркылуу өздөрүн көрө алышат. Тактап айтканда, бул жерден өзүнүн кийип жүргөн кийимине окшош кийимди көрүп, зордук-зомбулуктан качуу үчүн кийимди гана алмаштырып коюу жетишсиз экенин түшүнүшөт", - деген ал.

"Зордуктоо учурунда кандай кийимчен элең?"

"Купальник. Биз көлмөдө сүзүп, сонун убакыт өткөрдүк. Анан мен кийимимди алмаштырайын деп чатырга киргенде алар менин артымдан кирип келишти".

"Менин сүйүктүү сары футболкам, ал эми кандай шым кийип жүргөнүмдү унутуп калдым. Эсимде, мен өзүмдү абдан ыңгайсыз сезгем, болгону байкемдин бөлмөсүнөн чыгып мультфильм көрүүнү каалагам".

"Сарафан. Бир канча айдан соң апам менин шкафымдын маңдайына туруп алып көйнөк кийбей калганыма нааразы болгон. Мен 6 жашта болчумун".

"Мен бул окуядан соң бир канча күн жумушка чыккан жокмун. Кийин жетекчиме абалымды түшүндүрсөм, "Зордуктоо учурунда кандай кийимчен элең?" деген суроо узатты. "Футболка жана шым, а сен баскетболго кандай кийинип бармаксың?" дедим да, кабинеттен чыгып кеттим. Ошол боюнча жумушка барган жокмун".



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
07.11.2017. 18:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
180
Катталган:
16-07-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 12:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Клаасы Ош жүрөгү бош!
+5
Оо тообо кийимдин эмне тиешеси бар курткачан купалникчен айырмасы жок!
07.11.2017. 18:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
28-01-2015
Соӊку аракети:
21-09-2018 03:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер инфо
+3
Ушу кантип болсун эми)))
07.11.2017. 18:11 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
10-02-2018 01:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мекен чегинде
+11
Башы көзүн краскалап боёп, каштарын терип, шиш таканы кийип, сойкуларга окшоп алышса, кийимине карабай деле зордоп сала беретта.
07.11.2017. 18:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
211
Катталган:
29-11-2016
Соӊку аракети:
04-08-2018 18:19
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кыздар электрошок газ же пневматический пистолет алып жургуло зордойм деген зоокурлордун Атасы Ким экенин таанытасынар
07.11.2017. 18:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 11:22
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эгер зоокур зордуктайм деген болсо хоть тон кийип алса да зордуктайт,трусы,шорта анча деле роль ойнобойт.Самый главный эл коп жерде журсун и тун жарымда кочого коп чыкпасын ошо эле
07.11.2017. 21:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
17-10-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 16:31
Жынысы:
Белгисиз
+10
Зордуктайм десе алигисине, ташагына катуу удар кылгыла. Муштум мененби,тээп же катуу нерсе менен таш болсо жакшы. Ошондой керек омур бол жарабай калсын.
07.11.2017. 21:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
03-11-2016
Соӊку аракети:
01-06-2018 23:55
Жынысы:
Белгисиз
+5
Mara8492, туура айтасын жулуп эле алыш керек
07.11.2017. 21:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
22-06-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыска кийинип журбогуло дегени да
07.11.2017. 22:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 12:37
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул суротто кичинекей балдардын кийими да бар экен. Балдарда эмне куноо.
08.11.2017. 03:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
06-03-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:16
Жынысы:
Белгисиз
-1
Көп баскан аяк ХХХХ басат деп кыргыз элим бекер айткан эмес. Кызга кырк үйдөн тыйуу дейт. Аны билбей түндү түн дебей күндү күн дебей жүрсө сереңдеп зордуктайтда.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-08 08:31:00
08.11.2017. 08:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
04-05-2017
Соӊку аракети:
30-11-2017 20:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Силер жашаган эле калаа
0
Зордуктоо учурунда кайсы жерде жургон элен дебейби андан коро,кочодо журо берсе зордуктамак тугул башын кесип ыргытып жиберет
08.11.2017. 13:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
239
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 06:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
0
Кыздар го мейли ачык кийинип зордукталыптыр ал эми 3 5 чейинки кичинекей жаш балдарчы аларды эмне деп каралашат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114526;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: