Сауд Арабия бийлиги ханзаада жана чиновниктердин камакка алынган 800 миллиард долларын мамлекеттин эсебине өткөрүүгө ниеттенип жатат

Сауд Арабия бийлиги коррупцияга каршы күрөшүү иш-аракеттеринин алкагында банктагы 800 миллиард доллар каражатты тоңдуруп, аны конфискациялоого ниеттенип жатат. Активдердин басымдуу бөлүгү чет мамлекеттерде болгондуктан аларды тартып алуу процесси кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүндүгү айтылат. Бул тууралуу The Wall Street Journal өздүк булактарына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматта ноябрь айынан тартып Сауд Арабияда коррупцияга шектелип 60тан ашуун адам камакка алынганы жазылат. Алардын арасында падыша үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү, ишкерлер жана чиновниктер бар. Мамлекеттин эсебине өткөргөндөн кийин каражат бюджет тартыштыгын жоюуга багытталат.

Белгилүү болгондой, мунай баасы арзандаганда Сауд Арабия акыркы жылдары өзүнүн резервдик фондундагы каражатты пайдалана баштаган. Буга чейин 5-ноябрда Сауд Арабияда 10дон ашуун ханзаада, бир нече министр, ондогон мурунку чиновниктер камалганы маалымдалган. Алар "коррупция, каражаттарды негизсиз пайдалануу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.

The New York Times`тын кабарлашынча камакка алынган ханзаадалар Эр-Рияд шаарындагы беш жылдыздуу Ritz-Carlton мейманканасында турушат.

Интернетке Сауд Арабиянын камакка алынган ханзаадаларынын беш жылдыздуу мейманканада полдо жаткан сүрөтү жүктөлгөн.

Камалгандардын арасында Сауд Арабиядагы эң бай адам, миллиардер ханзаада Валид бин Талал да бар. Фото: REUTERS

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
toma95
2017-11-08 13:45:54
А биздикилерди ким качан камайт болдукен?камашса ооруп калышат биздикилер акча жеген жагынан жакшы жооп береерге келгенде ооруп оздорун жаман сезип калышат.
+12
Dalil
2017-11-08 14:16:29
toma95,Бабанов да ооруп чет өлкөдө даарыланып жатыптыр, Салянованын соту бүткөн соң кызы менен уулу да оорубай калды. Бизде акыйкат жок. Тоок уурдаган камалып млнду уурдагандар жүрөт дале курсагын араң көтөрүп.
+1
Kubinis
2017-11-08 13:58:44
4 млярдын бизге берип тышкы карыздан кутултуруп койсо
+9
tursunbaev78
2017-11-08 15:35:05
Kubinis,андай болсо карызыбыз эки эсе көбөйүп кетет,ал акчаны жеп жутарлап жумуруп коёт
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-08 14:03:34
Охооо биздечи 1990 жылдан баштап мамлекеттин канын соргондор оптом камалат го
+6
ZHYRGAl1412
2017-11-08 14:07:05
800млрд$дейби мына сага акча коррупция биздикилердин жегени булардыкынын алдында копеейка болуп калатко
+3
Jelezo
2017-11-08 14:23:07
Баары жеген акчалары эмес өздөрүнүн мүлкү кошулганда 800млрд
+1
AKCAHAT
2017-11-08 15:01:19
Нефти тугонсо ушулар кантип калат болду экен? Кудай дагы кимди кантип сыйлашты билет бу арабдарда мээ, акыл эс,кыйла эле аксайт, агрессивдуу да келишет. Акчага таянып эле барпандашып журушот. Медицина, билим беруу, инженерлер, куруучу, итинен питине чейин чет олколукторду контракт мн иштетишет.
+2
Muslim_KGstana.
2017-11-08 15:39:20
айланайин 800 млрд.дейби биз болсо 5млрд доллар карызды ойлоп алып кыжалатпыз(((
+1
elchi84
2017-11-08 17:07:43
Muslim_KGstana.,Биздеги жеп жутарларды камаса толосо болот бирок деген жери бар алар эч качан мойнуна албайт жана сот дагы ошолор менен бирге.

+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан