Президент Алмазбек Атамбаев Памирден көчүрүлүп келген үй-бүлөгө Нарын шаарынын Ак-Коргон аймагынан 6 бөлмөлүү үй белек кылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Элиза Качкынбаева билдирди.
Анын айтымында, Памирден көчүрүлүп келген Абдыбаит Жээнбековдун келинчеги Жанбүбү Маматзайым кызы 21-октябрда Кыргыз жергесинде көз жарган. Ата-эне ымыркайга өлкө башчысынын ысымын ыйгарып, Алмазбек деген ат койгон. Бүгүн, 8-ноябрда президенттин аппаратынын башчысынын орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы конуштун ачкычын үй-бүлөгө тапшырды.
"Бул үй 1 миллион 180 миң сомго Нарын шаарынан алынды. Президенттин фондусунан үй эмеректери, зарыл буюмдар да алынды. Мындан тышкары президенттин атынан Куланак айылындагы Памирден көчүрүлүп келген кыргыздардын ар бирине 50 миң сомдон акчалай жардам тапшырылды", - дешти мэриядан.
Белгилей кетсек, Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринен көчүрүлүп келген кыргыздар 13-октябрда Нарын облусуна жетип жайгашкан.