Өкмөттүн алдындагы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети 9-ноябрда Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө комментарий берди. Комитет "Кумтөр" кенинин тегерегинде мөӊгүлөрдү ордунан жылдырууну колдойт.
"Суу кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Лысый жана Давыдов мөӊгүсүндө гана иш жүргүзүүгө уруксат берет", - деген мекеме "Кумтөрдүн" ишин токтотпоо камсыздалсын деген 2013-жылкы Жогорку Кеӊештин, 2016-жылкы Жогорку Соттун токтомун мисал кылып, өкмөт аны аткарууга милдеттүү экенин белгилейт.
Мурдагыдай эле негиздөө: "Кумтөрдүн" борбордук тилкесинде иш жүрүп жатканы, ага жакын жайгашкан мөӊгү улам жылып карьерди басып калуу коркунучу жаралганы, мындан улам ал мөӊгүлөрдү алып башка коопсуз жакка жылдыруу зарыл экени айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Кыргыздын Суу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору Жогорку Кеӊештин кароосунда. 3-окууда тийиштүү комитеттен колдоо тапкан. Жакында парламенттин жалпы жыйынында каралышы мүмкүн. Бишкекте 8-ноябрда аталган долбоордун кабыл алынышына каршы митинг өттү. Жарандар мөӊгүлөргө кол тийгизбөөнү талап кылышты.