2 баласы менен көчөдө калган келин: "Боорукер адамдар көп экен, жардам колун сунгандардан телефонум бошобой калды"

"Боорукер адамдар көп экен, кечээ интернетке сүрөтүм жарыялангандан бери телефон чалуулардан колум бошобой калды. Түн экендигине карабай үйгө келип, маселемди чечип, жардам бергендер болууда", - деп сөз баштады оор күндөрдү башынан кечирип жаткан 2 балалуу келин Айнура Караева.

Буга чейин анын тагдыры тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу жеке баракчасына жазып, жардам берүүнү каалагандардын саны көбөйгөн эле. Күйөөсү каза болуп, 2 баласы менен жалгыз калган келин курут, тамеки, семичке сатып, турмуш-тиричилигин өткөрүп жаткан. Акыркы күндөрү 10 айлык кызы ооруп калып, жумушу токтоп калгандыгына байланыштуу батирге акчасын төлөй албай калган.

Айнура Караева 36 жашта, Токтогул районунда төрөлүп чоңойгон. Айтымында, эс тарта электе эле апасынан ажырап, өгөй эненин колунда калган.

"Апамды тааныбай калдым, кийин сүрөттөрүн эле көргөм. Атам башка аял алып ал менен жашап жүргөнбүз, кийин өгөй энем да кетип калды. Ошондон кийин эле менин туулгандыгым тууралуу күбөлүгүмдү таппай калдык. Ушул кезге чейин паспортум жок, ошондуктан кыздарымдын да документи жок, жөлөк пул албайбыз", - дейт ал.

Караеванын улуу кызы 4 жашта болсо, кичүүсү 10 айлык. Күйөөсү кичүү кызы 2 айлык боюнда бар кезинде эле каза болуп калган. Бирок алар ага чейин эле чогуу жашабай калышкан.

"Күйөөм алкоголдук ичимдиктерди көп ичип, үйдөн кетип калган. Каза болгонун кийин уктум. Толгоом келгенде төрөтканага барып жалгыз экенимди айттым. Төрөп чыгып, эптеп күн өткөрүп жаткам. Соода кылам. Бир күнү тааныш эже келип 5 миң сомумду карызга алып кетип, дайынсыз жоголду. Ал ортодо кызым ооруп ишке чыкпай, батирдин акчасын төлөй албай калдым. Кожоюндан тартынып, көчөдө кантем деп жүрүп, мечитке кирип кеңеш алууну туура көрдүм. Алар каржы жактан жардам бере албастыгын айтып "мечитке жатсаң жат, бирок ичи суук", - деген жоопту кайтарды", - деген Айнура балдары менен кайда барарын билбей көпкө баш катырган.

Жалгыз бой эне 2 жаш бала менен иштөө күн сууктаган сайын кыйын экенин кошумчалады.

"Кичүү кызымды коляскасына салып алам, андан да 4 жаштагы кызым көп кыйналды. Батир жолдон алыс болгондуктан жолго чыкканга чейин "апа, чарчап кеттим" деп ыйлап алат. Эмне кылам, кара курсактын камын көрбөсөм ач калабыз. Буга чейин колумду сурагандар болгону менен, кайра жаңылып каламбы деп эч ким менен мамиле түзбөйм, турмушка чыккандан чочулайм. Бирок жакшы адамдар көп экенине кечээ ынандым, мен жол киреге берилген акчаны алып үйгө келгенче бир топ телефон чалуулар болуптур. Баары эле жардам берүүнү сунуштап жатышты. Интернетке жарыяланганымды билген эмесмин, эмне болуп жатат деп түшүнгөн жокмун. Түнү кайрымдуу адамдар батир маселесин чечип берди. Бүгүн жылыткыч, азык-түлүк алып келгендер болуп жатат", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
MIRBOLOT
2017-11-09 14:34:37
Жетим-жесирге жардам берген, пайгамбарыбыз менен бейиште чогуу болот экен!
+7
Bek_abad
2017-11-09 14:53:52
Аллах ыраазы болсун жардам бергендерден..
+4
Alixan-Nookat.2015
2017-11-09 15:02:42
Аллах ыраазы болсун жардам берген адамдарга.
+4
kydyrova_71
2017-11-09 15:18:58
Эненин озуно сабыр. каниет берсин аллах раазы болсун. Жардам колун сунгандарга да аллах раазы болсун.
+3
AltynaiEsenturova
2017-11-09 15:34:58
Аллах ыраазы болсун
+1
Ma9
2017-11-09 17:01:20
жардам Берген адамдарга рахмат боорукер элибиз бар шугур
+1
warrior96
2017-11-09 17:24:28
Мечиттегилер кичине туура эмес иш кылыптыр
+3
NeRiNa
2017-11-09 18:11:22
Ыйлагым келип кетти...жардам колун сунгандарга Аллах эки эсе кайтарган болсун.
+3
daniyar84
2017-11-09 18:55:53
Жардам бергенден Алла ыраазы болсун!!!номерин билгендер болсо +79233339812номериндеги ватсапка жазып койгула сураныч.мен Россия жериндемин званок кылып колуман келишинче жардам берсем дейм.
+10
Saidochka
2017-11-09 19:10:00
Кудай ыраазы болсун,ушул кайрымдуу инсандарга!!!
+4
konur-olon
2017-11-09 22:00:35
аллахым ыраазы болсун жардам берген адамдарга, бул дуйнодо жетимдердин коз жашы жерге тамбасын
+2
Ayida
2017-11-09 22:10:52
Мечитте эмне жардам бергидей мечитте отуруп иштейби? Ал жер Аллахтын уйу. Намаз окулуучу жай. Имам озу бала чакасы бар дегендей.Акча таап отургудай имам эмесда.Тим эле мечитти жамандашат.
0
Ayida
2017-11-09 22:11:59
Керек болсо мына жардам берип уйуно барып аткандар ошол намаз окуган мечитке барган адамдар билсе.
+1
kg_emilbekov
2017-11-09 22:31:11
номери болсо бергилечи туугандар ушу эженин
0
Taalaibek.
2017-11-10 21:30:29
Телефон номери бар бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан