"Тегерек столдо мөңгүлөр боюнча биздин пикирлерди, сунуштарды толук айтууга мүмкүнчүлүк беришкен жок", - деп бүгүн, 10-ноябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев мөңгүлөр маселесине арналган иш-чаранын жаңжал менен аяктаганы тууралуу пикирин айтты.
"Биз да бул мыйзам долбоору боюнча өз көз карашыбызды билдирмекпиз. Тилекке каршы, бул жыйын жыйынтыксыз жаңжал менен аяктады. Бул жерде эч нерсени көрбөй туруп, ар нерсени айта берген болбойт. Мөңгүлөр боюнча тегерек столдун бир аз жаңжал менен аякташы абдан өкүнүчтүү болду. Ошондуктан биз баарын, ошонун ичинде маалымат каражаттарын абал менен жеринен таанышып келүүгө чакырам. Бул мыйзам колдоо таппай калса, "Кумтөрдүн" иши токтоп калышы толук мүмкүн. "Кумтөрдүн" ишин токтоосуз жүргүзүү боюнча Жогорку Кеңештин чечими бар. Биз аны аткаруу үчүн бул мыйзамды сунуштоого аргасызбыз", - деди Зилалиев.
Белгилей кетсек, бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте мөңгүлөргө арналган тегерек стол өкмөт мүчөлөрү менен активисттердин ортосунда жаралган жаңжал менен аяктаган.