Жанар Акаев Өмүрбек Бабановдун фракция лидерлигинен кеткенин жазды

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун өз каалоосу менен фракция лидерлигинен кеткенин социалдык баракчасына жазды. Ал эми фракциянын катчылыгы бул боюнча азырынча эч кандай маалымат жоктугун айтууда.

Бул маалыматты тактоо максатында Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Талант Мамытовго байланышканыбызда ал: "Азыр чечим кабыл ала элекпиз. Кабыл алгандан кийин расмий билдирүү таратабыз", - деп SUPER.KG порталына жооп берди.

Эске салсак, 4-ноябрда Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата "Улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштерин УКМК жүргүзмөкчү.

Ө.Бабанов өзүнө козголгон кылмыш иши "ойдон чыгарылган" деген пикирин айткан. Учурда анын Орусияда дарыланып жатканы айтылууда.

10-ноябрда "Республика-Ата Журт" фракциясы "Бабановго саясий кылмыш иши козголгонуна байланыштуу өлкөдө оор саясий абал түзүлдү" деген билдирүү тараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан