Ысык-Ата районунда турак үй өрттөнүп, 74 жаштагы үй ээси күйүк алды
Ысык-Ата районунда турак үй өрттөнүп, 74 жаштагы үй ээси күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат 13-ноябрь күнү саат 22:43 чамасында келип түшкөн.
"Нурмамбет айыл аймагындагы “Учитель” дачасында кароолчунун 70 чарчы метр турак үйү толугу менен күйгөн. Кароолчу 1943-жылы туулган Х.Юсуров башынан күйүк алып, Кант шаарынын аймактык ооруканасына "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон", - деп билдиришти ӨКМдан.