Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев "Даңк" медалы менен сыйланды (сыйлык алгандардын тизмеси)

Өлкөнүн аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасын чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев "Даңк" медалы менен сыйланды. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 14-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары "Даңк" медалы менен Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын башкы геологу Николай Пихота сыйланды.

"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам алгандар:

Качкынбек Абышбаев - Ак-Талаа районундагы «К-Рус-Нур-Г» айыл чарба кооперативинин жетекчиси.

Надежда Акульшина - Чолпон-Ата шаарындагы «Кооппромсервис» жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору.

Асхат Галиев - Ысык-Көл облустук балчыларынын ыктыярдуу коомунун төрагасы.

Эгемберди Жапаров - Ноокат районундагы «Алтын-Асыл» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Токторалы Жээнтаев - Аксы районундагы «Чил и Ко» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Конокбай Исмаилов - фермер, Нарын облусунун Кочкор району.

Талантбек Камытов - Ноокен районундагы Ноокен айыл чарба өндүрүш кооперативинин жетекчиси.

Ишенбек Касеев - фермер, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району.

Мээрбек Курманбек уулу - Ысык-Көл районундагы «Ала Балык» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Кудайберген Күчүков - Нарын районундагы «Нурбек» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Алексей Малеваный - Манас районундагы «Прогресс» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Насирдин Мурзаев - Кадамжай районундагы «Болотбек» фермердик чарбасынын жетекчиси.

Айтмамат Назаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Миргазы Оморов - «Бизнес Ассоциация Талас ЖИА» юридикалык жактардын бирикмесинин башкармасынын төрагасына, «Азра» компаниялардын тобунун негиздөөчүсү.

Бактыбек Пазылов - Баткен районундагы «Береке» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Саманд Рагимов - Чүй облусунун Москва районундагы «Чекир-Суу» айыл чарба өндүрүш кооперативинин башкармасынын төрагасы.

Абдуллатип Салимбеков - Баткен облусунун Лейлек районундагы «Дөөлөт» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Дариякан Сапабекова - Чүй облусунун Сокулук районундагы мөмө-жемиш дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Абдигапар Шамурзаев - К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окуу чарбасынын башчысы.

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" деген ардактуу наам алгандар:

Малик Абешов - «Базис-M» жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору.

Кыдырбек Бокошов - «Газспецмонтаж» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору.

Марат Жийдебаев - «Турак жай өнөктөштүгү» кайрымдуулук фондунун директору.

"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам алгандар:

Өмүрбек Алманбетов - «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу» юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору

«Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам алгандар:

Арым Акпаралиев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын Ош токой чарбасынын директору.

Эмил Шүкүров - эколог, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти.

Бакыт Ыбыкеев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын Ак-Суу токойчулугунун токойчусу.

«Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам алгандар:

Нургүл Абыкеева - Н.Урманбетов атындагы «АРПА» ачык акционердик коомунун башкы технологу.

Марат Аманкулов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Светлана Годзелих - «Кайыңды-Кант» ачык акционердик коомунун негизги өндүрүш сменасынын башчысы.

Дөөлөтбек Керчестиев - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Макмал» руднигинин бургулоочусу.

Шайлоогүл Майлиева - Бишкек шаарынын «Прод Импекс» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлангандар:

Сатылган Абдырахманов - Талас облусунун Кара-Буура районундагы «Абдырахман» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Эрлист Акунбеков - «Кыргызская ассоциация поставщиков удобрений» юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы.

Абдималик Алипбеков - Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Бакыт» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Фарид Апаяров - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын башкы геологу.

Талантбек Атамбаев - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Тоң айылдык кеңешинин төрагасы.

Бакей Бейшекеев - Талас облусунун Бакай-Ата районундагы «Бообек» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Муратбек Бейшенбаев - «Арх Модель» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Кушбек Бейшенкулов - Нарын облусунун Кочкор районундагы «Кочкор элитасы» кооперативинин жетекчиси.

Алтынбек Жекшенов - Чүй облусунун Жайыл районундагы «Алтынбек» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Базарбай Женалиев - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы «ННН-3» үрөнчүлүк кооперативинин жетекчиси.

Азис Дүйшөнбиев - Чүй облусунун Чүй районундагы жеке дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Ильяз Еркеев - Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарынын мэри.

Зарипбек Жоошбеков - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Таширов атындагы өндүрүштүк үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси.

Табылды Жусупакунов - Нарын облусунун Жумгал районундагы «Табылды» асыл тукум чарбасынын жетекчиси.

Кахраманжан Закиров - Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Равнак» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Меризбек Иманалиев - Бишкек шаарынын «Проджек» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору.

Төрөбүбү Иманбердиева - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.

Кубаныч Исмаилов - Ош облусунун Өзгөн районундагы «Тилектеш» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Махмудулло Исмаилов - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы «Ырысбек-ЖМРМ» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин жетекчиси.

Чыңгызбек Исмаилов - Ош шаарынын «Гидробетон Строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Сапарбек Кадиров - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Бирдик» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин жетекчиси.

Талантбек Капаров - «Ош-Тазалык» адистештирилген муниципалдык ишканасынын жетекчиси.

Вячеслав Ковырев - Бишкек шаарынын «Семейные традиции» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Шераали Кудайбердиев - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы.

Татьяна Кузьмина - «Түндүкэлектр» ачык акционердик коомунун жетектөөчү инженери.

Таалайбек Курткаев - Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты.

Кудайкул Күчүков - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин №4 региондук башчысы.

Максатбек Машрапов - Ош облусунун Алай районундагы «Максат» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Евгений Нудько - Чүй облусунун Панфилов районундагы «Нудько» айыл чарбасынын жетекчиси.

Арап Нурмаматов - Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Арпа-Сай» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Жапарбек Ормонов - Ош шаардык кеңешинин төрагасы.

Памирбек Пайзбеков - фермер, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району.

Николай Постнов - Чүй облусунун Жайыл райондук суу чарба башкармалыгынын Кара-Балта гидроучастогунун башчысы.

Өмүрбек Рахманов - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин жооптуу катчысы.

Магамед Сайназаров - Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Мажакып» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Досжан Сайрамбаев - «БЖ Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору.

Шайманбек Сартбаев - «Азат» үй куруу комбинаты» ачык акционердик коомунун «СМУ-3» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары.

Эмилбек Сыдыков - Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы «Капчыгай Тоо Балы» товардык-сервистик кооперативинин жетекчиси.

Замирбай Таштанбаев - Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Асаба» дыйкан-фермердик чарбасын жетекчиси.

Тилек Токтогазиев - «Жашыл чарба плюс» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Бүбүанар Төтөева - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Аздек» айыл чарба кооперативинин жетекчиси.

Жапарбек Туржанов - «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун филиалы Талас жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын директору.

Жийдебек Турукменов - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Туркмен-Туз» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Курманбек Убайдылдаев - Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Байтур» асыл тукум чарбасынын жетекчиси.

Абдыкерим Урмамбетов - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы «Кубат» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Муйдин Халов - Баткен облусунун Исфана шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси.

Анвар Хашимов - «Нурлан» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Асылбек Чекиров - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча эксперт.

Назарбек Чикеев - Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Ак-Булак плюс» жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору.

Нурлан Ысагалиев - Чүй облусунун Чүй районундагы «Нурлан» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Сыргакбек Эркимбаев - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы «Бетей» асыл тукум кооперативинин жетекчиси.

«Адал Азык» жоопкерчилиги чектелген коому.

«Кирби» дыйкан чарбасы.

«Экопродукт Азия» жоопкерчилиги чектелген коому.

«Эфтар Агро Комплекс» жоопкерчилиги чектелген коому.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dalil
2017-11-14 15:59:05
Сыйлыгын актап алгандар сыйлыгыңар кут болсун. Кошоматчылык менен алгандарга сөз жок.
+4
KGstan1981
2017-11-14 18:45:59
Бугун аябай Данкчылар кобойуп кеттиптиргоо))))
+1
Nazaroff1974
2017-11-14 23:57:46
Кайран АША кетээрде жаман берешен болду го.Жалко что ли деп наамдарды кочодогу кагаз реклама таркаткычтай таратты го чиркин.Эстей журушсун дейт бейм.Бирок окунучтуусу,,Даарыгерлер менен Мугалим-окутуучуларга эч нерсе жуутпай,аларга эч нерсе ыраа корбой койду.Чамасы булардан толк жок,мага пайдасы жок дейт окшойт.Куч органдарын айлыгынан бери которуп,жилье менен камсыздап туруп алды.Соке бул дисбалансты тегиздээр деп умут кыла туралычы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан