Өзбекстанда 4 жаштагы кызын сабаган атага кылмыш иши козголду, ал милиция кызматкери болгон

Өзбекстандын жергиликтүү телеканалдарынын бириндеги "Учбурчак" берүүсүндө 4 жаштагы кызынын жалынып-жалбарганына карабай атасы катуу сабап жаткандагы видео көрсөтүлгөн. Кызын сабаган киши Мирабад райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери экендигин Өзбекстандын маалымат булактары жазууда.

Маалыматта жазылгандай, кызын сабаган атага кылмыш иши козголгон. Видеону ушул жылдын апрель айында кыздын атасы өзү тартып алып, Түркияда жүргөн аялына жөнөткөн.

Ал кызын уруп жатып: "Апаң силерди таштап Түркияга кетип калды. Мен силерди 2 жылдан бери багып жүрөм. Апаңа керек эмес болсоң мага керексиңби?! Мен эми силерге иттин күнүн көрсөтөм", - деп жемелеген.

Видеону көргөн аялы милицияга арыз менен кайрылган. Соттун чечими менен сабалган төрт жаштагы кыз жана анын сегиз жаштагы агасы апасына өткөрүлүп берилген.

Ал эми кызды сабаган милиция кызматкери ушул жылдын октябрь айында жумуштан кетүү тууралуу арызын жазып, кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
gute
2017-11-14 16:26:46
Супер Инфо ушул жанылыкты 2 кундон бери чыгарып жатасынар видеосун кошо чыгаргылада сураныч
+4
KAPTA
2017-11-14 17:01:56
gute,
Видеосун корсон Жан чыдагыс. Ушунчалык да урабы, Акмак. Корууну сунуштабаймын.
+1
Pandora
2017-11-14 18:06:57
gute,Не кыласын коруп,журогунду оорутуп,керек болсо жаш балдарды тамашалап чочуткан пранктарды жактырбаймын
0
Suzak12
2017-11-14 16:32:56
Кана видеосу супер инфо
+2
rysik79
2017-11-14 16:48:35
Видеосун кордум Кудайым сактасыыын..
0
Elitta
2017-11-14 16:48:55
Балада эмне куноо алар эмнеге тушунот?Бала керек эмес болсо зачем балалуу болдун?УШУНДАЙ ташбоорлорду Кудай урса экен,Эртен каарыйсын ошондо сени ким багат ким карайт Ошону ойлоду бекен атасы?Балалуу боло албагандар канча?Созго тушунбогон балдарда эмне айып дейм да!
+3
Samina007
2017-11-14 17:05:53
Видеосун нерви жукаларга көрүү кыйыыын.милиция болбой өөөл.кандай адам баласы ушул акыбалга чейин барат.ушунчалык ыйладым көрүп алып.кантип өз баласын урат.ал кыз бечара чырылдайт "апааа,апааа"деп үүүүх дагы эстеп жаман болуп кеттам
+1
Samina007
2017-11-14 17:06:59
Түркиядан апасы келип кайра жашайм деп калганын карасаң атасы менен
-1
Patirot
2017-11-14 17:31:48
Видеосүн кайерде экен айтып койгула коргөндөр
+1
Nazar76
2017-11-14 18:10:06
Patirot, однодо
+1
zzari-83
2017-11-14 17:53:57
Видеосун көрүп чыдабайсың киши...Жүрөктү титиретип салат...Аттиң бирөөгө кор,бирөөгө зар бала...Уруп жатып өзү кантип чыдады дейсиң..
0
Aksy9595
2017-11-14 17:56:31
Өзүнда ошондой сабаш керекда
0
omur81
2017-11-14 18:42:39
Азыркыга чейн жаман болом эстесем, айбан да мынчалык мыкаачы эмес кыздын жалдыраганын, өтө коркуп калган кыз эстегим келбейт
0
miss2014
2017-11-14 22:48:55
Зоокур экен атасы ,азыр кордум,жыгытта ,жыгытта уруптур эшек,4 кызда не айып ,турмого чтритиш керек айбанды.
0
Haku
2017-11-14 23:41:18
Алла берсин жазасын акмактын. Кудайм жазаны берсин амин.
0
Snejana
2017-11-15 09:32:04
Бул видеону ким тартып, ким жиберди экен?, ошол кызык болуп атат. Кичинекейге боорум ооруп, кошо ыйладым. Аттин! Бир кем дунуйо! Наристеде эмне куноо. Силер жарык дуйного алып келгенинер учунбу?
0
Sezim.A
2017-11-15 12:26:57
Snejana,Аялына жоноткон имиш мен ушинтип жатам деп анан аялы инетке жуктогон имиш менин тушунугум боюнча
0
Asyl10
2017-11-15 16:29:08
Адам эмес айбан да кылбайт баласына мындай мамилени. Алла кор кылат акыры мындай атаны. 2 баласын таштап Туркияга иштегени кеткен аялына ичи куйуп кылган кылыгы го дейм. ХХХХ ата экен,4 жашар баланы да ошончо урабы?Кыздын журогун тушуруп бутуптур.
0
Kattaldym
2017-11-15 18:10:59
Бирооно кор, бирооно зар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан